«Кыргызалтын Ювелирпром» ЖЧК
«Кыргызалтын Ювелирпром» ЖЧКсы «Кыргызалтын» ААК менен «Кыргыз зергерчилик фабрикасы Алтын» ЖЧКсынын 2021-жылдын 28-июлундагы токтомуна ылайык түзүлүп, 2021-жылдын 3-августунда Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында мамлекеттик каттоодон өткөн.
Ишкананын уставдык капиталы 3 000 000 (үч миллион) сомду түзөт.
Уюштуруучулар:
- «Кыргызалтын» ААК - 67%;
- «Кыргыз зергер фабрикасы «Алтын» ЖЧКсы - 33%.
«Кыргызалтын Ювелирпром» ЖЧКсынын негизги ишмердүүлүгү зергер буюмдарын, тыйындарды, 0,1 граммдан 1 килограммга чейинки куймаларды, медалдарды чыгаруу болуп саналат.
Башка иш-чаралар:
- Зергер буюмдарды өндүрүүнү уюштуруу;
- Зергер буюмдарын сатуу боюнча чекене тармактарды уюштуруу;
- Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарды сатып алуу;
- Аффинаждалган алтынды сатып алуу;
- Тышкы экономикалык ишмердүүлүк;
- Лизингдик ишмердүүлүк;
- Инвестициялык ишмердүүлүк;
- Продукцияны сатуу үчүн соода кампаларын, дүкөндөрдү жана башка соода түйүндөрүн уюштуруу.
2023-жылдын июль айында 5 г, 10 г, 31,1035 г (троя унциясы), 50 г жана 100 г өлчөнгөн куймалардын сынамык партиясы чыгарылган, андан кийин зергер буюмдарын, сувенирлерди жана сыйлыктарды чыгарууга күч-аракетти топтоо чечими кабыл алынган.
Бүгүнкү күндө «Кыргызалтын Ювелирпром» ЖЧКсы «Баатыр эне» жана «Эне даңкы» сыйлыктарын чыгаруу боюнча 2120 даана мамлекеттик заказды аткарууда.