Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 11.08.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
13 376.50
13 564.00
2 г.
25 518.00
25 850.00
5 г.
62 150.00
62 895.50
10 г.
123 067.00
124 420.50
20 г.
245 356.50
249 037.00
31.1035 г.
380 681.50
386 392.00
50 г.
611 041.00
629 372.00
100 г.
1 219 523.50
1 256 109.00
250 г.
3 062 861.50
3 108 804.00
500 г.
6 115 151.00
6 206 878.50
1000 г.
12 236 018.00
12 419 558.50
Валюта НБКР курсу 11.08.2026
10.08.2026
11.08.2026
USD
87,4500
87,4500
EUR
100,7730
101,1009
RUB
1,0652
1,0640
KZT
0,1860
0,1876
Баалуу металлдар 10.08.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
140,30
Күмүш
2,0945
Палладий
44,315
Платина
56,146

«Кыргызалтын» ААК Өндүрүш процесстери жана техникалык долбоорлорду иштеп чыгуу башкармалыгынын Долбоорлоо секторунун башкы адисинин бош кызмат ордуна сынак жарыялайт. Кеңсе Бишкек шаарында жайгашкан.

17/11/2025 ж.

«Кыргызалтын» ААК Өндүрүш процесстери жана техникалык долбоорлорду иштеп чыгуу башкармалыгынын Долбоорлоо секторунун башкы адисинин бош кызмат ордуна сынак жарыялайт. Кеңсе Бишкек шаарында жайгашкан.

 

Кызматтык милдеттери:

  • Өз компетенциясынын чегинде иштин жыйынтыктарын жалпылоо жана талдоо, техникалык долбоорлорду долбоорлоону жакшыртуу боюнча сунуштарды даярдоо.
  • Кендерди жер астынан жана ачык ыкмалар менен иштетүүнүн техникалык долбоорлорун комплекстүү иштеп чыгуу.
  • Кендерди ачуу иштерин жүргүзүү жана эксплуатациялоо боюнча технологиялык чечимдерди иштеп чыгуу.
  • Программалык камсыздоолордо кендерди казып алууга, ресурстарды үнөмдөөчү өздөштүрүүгө, кендерди толук жана сапаттуу алууну жогорулатууга, жаңы технологияларды киргизүүгө, жер казынасынын наркын баалоого багытталган руда запастарын оптималдаштыруу.
  • Техникалык документтерди, анын ичинде эксплуатациялоо боюнча нускамаларды, сыноо программаларын жана техникалык шарттарды түзүү.
    • Кен чыккан жерлерде өндүрүштүк процесстерди жана технологиялык режимдерди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана жабдуулардын жүктөлүшүн эсептөө;
    • Тоо-кен жана тоо кен өткөрүү иштерин жүргүзүү үчүн убакыт, күйүүчү май жана энергиянын чыгымдарынын ченемдерин эсептөө;
    • Долбоордук чечимдерди AutoCad компьютердик программасында даярдоо;
    • Кесиптик деңгээлин жогорулатуу, башка башкармалыктар жана бөлүмдөр менен бирге жыйындар, семинарлар, илимий-практикалык конференцияларды уюштурууга катышуу;
    • Белгиленген тартипте БИ компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча түшкөн каттарды кароо жана алар боюнча тиешелүү чараларды көрүү.

 

        Коюулуучу талаптар:

Жогорку билим: адистиги — тоо-кен инженери же тоо-кен инженери-геолог;

Иш кагаздарын жүргүзүү, контрагенттер менен иштөө көндүмдөрү; так жана сабаттуу жазуу жана оозеки маданияттуу сүйлөө;

Тоо-кен ишканаларында кеминде 5 жылдык иш тажрыйба;

Рудалык жана рудалык эмес кендер боюнча техникалык долбоорлорду иштеп чыгуу багытында 3 жылдан кем эмес иш тажрыйба. 

Талапкерлер «Кыргызалтын» ААКга төмөнкү документтерди тапшырышат:

 

-       Өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-       Сүрөтү менен резюме (электрондук почта дарегин көрсөтүү менен);

-       Паспорттун көчүрмөсү;

-       Керектүү кесиптик билимди, иш тажрыйбасын жана квалификацияны тастыктаган документтер (эмгек китепчесинин, билим жөнүндө документтердин, квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документтердин нотариалдык жактан же иш орду боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү).

 

Документтер 2025-жылдын 17 – ноябрдян тартып 10-декабрга чейин саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 195 дарегиндеги «Кыргызалтын» ААКтын Стратегияны иштеп чыгуу жана адам ресурстарын өнүктүрүү бөлүмүндө кабыл алынат, тел. 62-07-04.

 

Талаптарга дал келген талапкерлер гана маектешүүгө чакырылат.

 

 

 

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар