Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 11.11.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
12 611.00
13 168.00
2 г.
23 987.00
25 097.00
5 г.
58 298.00
60 656.50
10 г.
115 363.50
120 022.00
20 г.
229 974.00
239 796.50
31.1035 г.
356 759.00
371 979.00
50 г.
572 573.00
597 830.00
100 г.
1 142 612.00
1 192 953.50
250 г.
2 870 594.00
3 004 549.50
500 г.
5 730 592.50
6 021 382.50
1000 г.
11 466 901.50
12 434 033.00
Валюта НБКР курсу 11.11.2026
10.11.2026
11.11.2026
USD
87,4500
87,4498
EUR
97,8303
98,3635
RUB
1,0655
1,0570
KZT
0,1948
0,1954
Баалуу металлдар 10.11.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
129,65
Күмүш
1,6569
Палладий
32,987
Платина
49,522

Кыргызалтын» ААК эмгекти коргоо, техникалык коопсуздук жана экология кызматынын жетектөөчү адисинин бош кызмат орду бар экендигин жарыялайт. Кеңсе Бишкек шаарында жайгашкан

20/11/2025 ж.

«Кыргызалтын» ААК эмгекти коргоо, техникалык коопсуздук жана экология кызматынын жетектөөчү адисинин бош кызмат орду бар экендигин жарыялайт. Кеңсе Бишкек шаарында жайгашкан

Кызматтык милдеттери:

­   Өз компетенциясынын чегинде иштин жыйынтыктарын жалпылайт жана талдайт, эмгекти коргоо, техникалык коопсуздук жана экология боюнча сунуштарды даярдайт.

­  Коомдун филиалдарында жана түзүмдүк бөлүмдөрүндө агынды суулардын көлөмүн жана сапатын эсепке алууну, атмосфералык абага булгоочу заттардын, өндүрүштүн катуу жана суюк калдыктарынын чыгындыларын, айлана-чөйрөнү коргоого кеткен чыгымдарды, жер ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну, белгиленген жаратылышты коргоо ченемдеринин сакталышын, экологиялык паспортторду, агындылардын жол берилген чеги (ПДС) чыгындылардын жол берилген чеги (ПДВ) ПНОО долбоорлорун, катуу калдыктар менен иштөө нормативдерин жана башка нормативдик-техникалык документтерди өз убагында иштеп чыгууну көзөмөлдөйт.

­  Өндүрүштүк жаракаттардын жана кесиптик оорулардын себептерин иликтөөгө жана изилдөөгө катышат, алардын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжалуулугун талдайт.

­  Коомдун филиалдарында жана түзүмдүк бөлүмдөрүндө колдонуудагы экологиялык, санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы нормалардын жана эрежелердин сакталышына мониторинг жүргүзөт.

Коюлуучу талаптар:

­ жогорку билим (кен иши, экология, айлана-чөйрөнү коргоо, эмгекти коргоо, тоо-кен тармагындагы коопсуздук багыттары боюнча);

­ ишкердик кат алышуу көндүмдөрү, сабаттуу жазуу жана оозеки маданияттуу сүйлөө;

 ­ кесиби боюнча бир жылдан кем эмес иш стажы.

Талапкерлер «Кыргызалтын» ААКга төмөнкү документтерди тапшырышат: 

-       Өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-       Сүрөтү менен резюме (электрондук почта дарегин көрсөтүү менен);

-       Паспорттун көчүрмөсү;

-       Керектүү кесиптик билимди, иш тажрыйбасын жана квалификацияны тастыктаган документтер (эмгек китепчесинин, билим жөнүндө документтердин, квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документтердин нотариалдык жактан же иш орду боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү).

Документтер 2025-жылдын 20-ноябрынан тартып 19-декабрына чейин саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 195 дарегиндеги «Кыргызалтын» ААКтын Стратегияны иштеп чыгуу жана адам ресурстарын өнүктүрүү бөлүмүндө кабыл алынат, тел. 62-07-04.

Талаптарга дал келген талапкерлер гана маектешүүгө чакырылат.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар