Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 25.09.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
13 214.00
13 646.00
2 г.
25 193.00
26 057.00
5 г.
61 332.50
63 118.50
10 г.
121 432.00
125 004.50
20 г.
242 091.50
249 609.50
31.1035 г.
375 604.00
387 287.50
50 г.
602 876.00
621 484.50
100 г.
1 203 198.50
1 240 789.50
250 г.
3 022 051.50
3 116 215.50
500 г.
6 033 526.00
6 221 481.00
1000 г.
12 072 768.50
12 448 678.00
Валюта НБКР курсу 26.09.2026
25.09.2026
26.09.2026
USD
87,4497
87,4482
EUR
99,5221
99,6210
RUB
1,0311
1,0318
KZT
0,1979
0,1980
Баалуу металлдар 25.09.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
138,02
Күмүш
2,0721
Палладий
40,915
Платина
57,210

«Кыргызалтын» ААК эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы жана экология кызматынын башкы адисинин бош кызмат орду бар экендигин жарыялайт, Бишкек шаары

08/12/2025 ж.

 

Кызматтык милдеттери:

-         Коомдун филиалдарында жана түзүмдүк бөлүмдөрүндө агынды суулардын көлөмүн жана сапатын эсепке алууну, атмосфералык абага булгоочу заттардын, катуу жана суюк өндүрүш калдыктарынын чыгарылышын, айлана-чөйрөнү коргоого кеткен чыгымдарды, жер ресурстарын рационалдуу пайдаланууну, белгиленген жаратылышты коргоо ченемдерин сактоону, экологиялык паспортторду, агындылардын жол берилген чеги (ПДС) чыгындылардын жол берилген чеги (ПДВ) ПНОО долбоорлорун, катуу калдыктар менен иштөө нормативдерин жана башка нормативдик-техникалык документтерди өз убагында иштеп чыгууну уюштурууга методикалык жетекчиликти ишке ашырат.

      Коомдун филиалдарында жана структуралык бөлүмдөрүндө айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугун баалайт, зыяндуу заттардын чыгындыларынын, агындыларынын жана калдыктарды жайгаштыруунун айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасиринин себептерин жана кесепеттерин аныктайт.

 ­ Коомдун жаңы курулуп жаткан жана иштеп жаткан жаратылышты коргоо объекттеринин курулушунун жүрүшүнө көзөмөл жүргүзөт.

­ Өндүрүштүк жаракаттардын жана кесиптик оорулардын себептерин иликтөөгө жана изилдөөгө катышат, алардын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжалуулугун талдайт.

­ Коомдун филиалдарынын рекультивациялоо иштеринин сапатын текшерүүнү, рекультивацияланган жерлердин сапаттык абалына алардын өндүрүмдүүлүгүн калыбына келтирүү жана чарбалык пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө пост-рекультивациялык мониторинг жүргүзүүнү ишке ашырат.

­ Коомдун филиалдарында жана түзүмдүк бөлүмдөрүндө колдонуудагы экологиялык жана санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы ченемдердин жана эрежелердин сакталышын текшерүүнү ишке ашырат.

­ Коомдун филиалдарында тазалоочу курулмалардын, орнотмолордун жана контролдоо каражаттарынын бекитилген технологиялык режимдеринин сакталышын жана ишенимдүүлүгүн жана эффективдүү иштешин, зыянсыздандырууну жана калдыктарды жоготууну контролдойт.

Коюлган талаптар:

­ жогорку билим (кен иштери, экология, айлана-чөйрөнү коргоо, эмгекти коргоо, тоо-кен тармагында коопсуздук багыттары боюнча),;

­ иштиктүү кат алышуу көндүмдөрү, сабаттуу жазуу жана оозеки маданияттуу сүйлөө;

      ­ Кесиби боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 Талапкерлер «Кыргызалтын» ААКга төмөнкү документтерди тапшырышат:

-       Өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-       Сүрөтү менен резюме (электрондук почта дарегин көрсөтүү менен);

-       Паспорттун көчүрмөсү;

-       Керектүү кесиптик билимди, иш тажрыйбасын жана квалификацияны тастыктаган документтер (эмгек китепчесинин, билим жөнүндө документтердин, квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документтердин нотариалдык жактан же иш орду боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү).

Документтер 2025-жылдын 8-декабрынан тартып 17-январына чейин саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 195 дарегиндеги «Кыргызалтын» ААКтын Стратегияны иштеп чыгуу жана адам ресурстарын өнүктүрүү бөлүмүндө кабыл алынат, тел. 62-07-04.

Талаптарга дал келген талапкерлер гана маектешүүгө чакырылат.

 

 

 

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар