Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 25.09.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
13 214.00
13 646.00
2 г.
25 193.00
26 057.00
5 г.
61 332.50
63 118.50
10 г.
121 432.00
125 004.50
20 г.
242 091.50
249 609.50
31.1035 г.
375 604.00
387 287.50
50 г.
602 876.00
621 484.50
100 г.
1 203 198.50
1 240 789.50
250 г.
3 022 051.50
3 116 215.50
500 г.
6 033 526.00
6 221 481.00
1000 г.
12 072 768.50
12 448 678.00
Валюта НБКР курсу 26.09.2026
25.09.2026
26.09.2026
USD
87,4497
87,4482
EUR
99,5221
99,6210
RUB
1,0311
1,0318
KZT
0,1979
0,1980
Баалуу металлдар 25.09.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
138,02
Күмүш
2,0721
Палладий
40,915
Платина
57,210

«Кыргызалтын» ААК Бишкек шаарындагы башкы кеңседе жайгашкан фирмалык дүкөндүн сатуучу-кассири кызматына бош орун бар экендигин жарыялайт

12/01/2026 ж.

 

«Кыргызалтын» ААК Бишкек шаарындагы  башкы кеңседе жайгашкан фирмалык дүкөндүн сатуучу-кассири кызматына бош орун бар экендигин жарыялайт.

Кызматтык милдеттери:

 - Дүкөн жетекчисинен продукцияны кабыл алуу боюнча ишти жүргүзүү, журналга кол коюу менен милдеттүү түрдө каттоого алуу;

 - Дүкөндүн текчелерин жана көргөзмө текчелерин талаптарга ылайык кармоо;

- Продукцияны дүкөндүн текчелерине жана көргөзмө текчелерине жайгаштыруу;

- Инвентаризация жүргүзүүгө катышуу;

 - Дүкөндүн көргөзмө текчелерин продукция менен өз убагында толуктоону уюштуруу;

- Бөлмөнү жана кызматкердин өзүнө бекитилген аймагын таза кармоо;

- Жашыруундуулук тартибин, кызматтык жана мамлекеттик сырды сактоо талаптарын аткаруу;

 - Кардарларды сапаттуу жана маданияттуу тейлөө, милдеттүү түрдө документтештирүү менен кассалык операцияларды жүргүзүү;

- Продукцияны сатуу жана сатып алуу боюнча эсепке алууну жүргүзүү; - Накталай акча каражаттарынын сакталышын камсыз кылуу;

- Өз ишиндеги бардык штаттан тышкаркы кырдаалдар жөнүндө дүкөн башчысына токтоосуз маалымдоо;

- Кассадагы накталай акчаны санап салыштыруу, сатылбаган продукцияны жана акча каражаттарын дүкөн башчысына тиешелүү журналга кол коюу менен каттап тапшыруу.

Коюлган талаптар:

- Орто, орто атайын, орто техникалык же жогорку билим.

- Иштиктүү кат алышуу көндүмдөрү, сабаттуу жазуу жана оозеки маданияттуу сүйлөө.

Талапкерлер «Кыргызалтын» ААКна төмөнкү документтерди тапшырышат:

 - Өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен),

- Сүрөтү бар резюме (электрондук почтасын көрсөтүү менен), паспорттун көчүрмөсү,

- Керектүү кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариалдык жактан же иштеген жери боюнча кадрларды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө документтер, квалификацияны жогорулатуу жөнүндө тастыктоочу документтер).

Документтер 2025-жылдын 12 январдан тартып 10 февралга чейин саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 195 дарегиндеги «Кыргызалтын» ААКтын Стратегияны иштеп чыгуу жана адам ресурстарын өнүктүрүү бөлүмүндө кабыл алынат, тел. 62-07-04.

Талаптарга дал келген талапкерлер гана маектешүүгө чакырылат.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар