Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 25.09.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
13 214.00
13 646.00
2 г.
25 193.00
26 057.00
5 г.
61 332.50
63 118.50
10 г.
121 432.00
125 004.50
20 г.
242 091.50
249 609.50
31.1035 г.
375 604.00
387 287.50
50 г.
602 876.00
621 484.50
100 г.
1 203 198.50
1 240 789.50
250 г.
3 022 051.50
3 116 215.50
500 г.
6 033 526.00
6 221 481.00
1000 г.
12 072 768.50
12 448 678.00
Валюта НБКР курсу 26.09.2026
25.09.2026
26.09.2026
USD
87,4497
87,4482
EUR
99,5221
99,6210
RUB
1,0311
1,0318
KZT
0,1979
0,1980
Баалуу металлдар 25.09.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
138,02
Күмүш
2,0721
Палладий
40,915
Платина
57,210

«Кыргызалтын» ААК Капиталдык курулуш жана сатып алуулар башкармалыгынын сатып алуулар боюнча жетектөөчү адисинин бош кызмат ордуна сынак жарыялайт, кеңсе Бишкек шаарында жайгашкан

13/01/2026 ж.

«Кыргызалтын» ААК Капиталдык курулуш жана сатып алуулар башкармалыгынын сатып алуулар боюнча жетектөөчү адисинин бош кызмат ордуна сынак жарыялайт, кеңсе Бишкек шаарында жайгашкан

Кызматтык милдеттери:

-         Сынактык тооруктарды өткөрүү боюнча иш-чараларды уюштуруу.

-         Сатып алууларды пландаштыруу жана сатып алуу планын түзүү этабында сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларына мониторинг жүргүзүү.

-         Сынактык документтерди жана сынактык тооруктардын катышуучуларына карата квалификациялык талаптарды иштеп чыгуу.

-         Материалдык-техникалык баалуулуктарды жеткирүү боюнча тооруктарды жарыялоо жана уюштуруу боюнча даярдык иштерин жүргүзүү; Сынактык комиссиянын сунуштарынын негизинде – сатып алууларга карата чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле айрым учурларда тооруктарды жокко чыгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу.

-         Жеткирүүчүлөр менен келишимдердин (контракттардын) долбоорлорун белгиленген тартипке ылайык кол коюуга даярдоо жана алардын аткарылышын контролдоо.

-         Бекитилген жылдык өтүнмөлөрдүн негизинде жабдууларды жеткирүү мөөнөттөрүн сактоо боюнча чараларды көрүү.

-         Түзүлгөн келишимдер боюнча жеткирүүлөрдү камсыздоо, зарыл болгон документтерди даярдоо боюнча иштерди жүргүзүү жана келишимдердин шарттары сакталбаган учурда, анын ичинде алынган товарлардын саны жана сапаты боюнча дооматтарды коюу боюнча чараларды көрүү.

 Коюлуучу талаптар:

-         Жогорку билим (техникалык, экономикалык же юридикалык).

-         Иш кагаздарын жүргүзүү, контрагенттер менен иштөө көндүмдөрү, сабаттуу жазуу жана оозеки маданияттуу сүйлөө.

-         кесиби боюнча иш стажы бир жылдан кем эмес.

Талапкерлер «Кыргызалтын» ААКга төмөнкү документтерди тапшырышат:

-   Өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-   Сүрөтү менен резюме (электрондук почта дарегин көрсөтүү менен);

-   Паспорттун көчүрмөсү;

-   Керектүү кесиптик билимди, иш тажрыйбасын жана квалификацияны тастыктаган документтер (эмгек китепчесинин, билим жөнүндө документтердин, квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документтердин нотариалдык жактан же иш орду боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү).

Документтер 2026-жылдын 13 январдан тартып 11февралга чейин саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 195 дарегиндеги «Кыргызалтын» ААКтын Стратегияны иштеп чыгуу жана адам ресурстарын өнүктүрүү бөлүмүндө кабыл алынат, тел. 62-07-04.

Талаптарга дал келген талапкерлер гана маектешүүгө чакырылат.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар