Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 25.09.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
13 214.00
13 646.00
2 г.
25 193.00
26 057.00
5 г.
61 332.50
63 118.50
10 г.
121 432.00
125 004.50
20 г.
242 091.50
249 609.50
31.1035 г.
375 604.00
387 287.50
50 г.
602 876.00
621 484.50
100 г.
1 203 198.50
1 240 789.50
250 г.
3 022 051.50
3 116 215.50
500 г.
6 033 526.00
6 221 481.00
1000 г.
12 072 768.50
12 448 678.00
Валюта НБКР курсу 26.09.2026
25.09.2026
26.09.2026
USD
87,4497
87,4482
EUR
99,5221
99,6210
RUB
1,0311
1,0318
KZT
0,1979
0,1980
Баалуу металлдар 25.09.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
138,02
Күмүш
2,0721
Палладий
40,915
Платина
57,210

«Кыргызалтын» ААК Бишкек шаарындагы Коопсуздук кызматынын Режимдик жана жашыруун бөлүмүнүн жетектөөчү адисинин бош кызмат ордуна сынак жарыялайт

09/02/2026 ж.

«Кыргызалтын» ААК Бишкек шаарындагы Коопсуздук кызматынын Режимдик жана жашыруун бөлүмүнүн жетектөөчү адисинин бош кызмат ордуна сынак жарыялайт, кеңсе Бишкек шаарында жайгашкан.

 

 

Кызматтык милдеттер:

  • коомдун объекттерин уурулуктан, тоноодон, талап-тоноодон жана башка кылмыштуу кол салуулардан жана коомдук баш аламандыктардан коргоону камсыздоо, ошондой эле контрагенттерди текшерүү боюнча коюлган милдеттерди чечүү;
  • товардык продуктуларды жана материалдык баалуулуктарды кайра иштетүү, эсепке алуу, баалоо, ташуу, өткөрүп берүү боюнча талаптардын аткарылышына текшерүүлөрдү уюштуруу;
  • коомдун кирип-чыгууөткөрмөлөрүн жана объект ичиндеги тартипти камсыздоо боюнча иштерди уюштуруу;
  • өз компетенциясынын чегинде кызматкерлер тарабынан укук бузуулардын алдын алуу, алардын Коомдо жасалышына өбөлгө болгон шарттарды аныктоо жана аларды жеринен жоюу.

 

Коюлуучу талаптар:

 

-                   Жогорку (юридикалык, экономикалык, атайын) билим;

-                   Иштиктүү кат алышуу көндүмдөрү, сабаттуу жазуу жана оозеки маданияттуу сүйлөө;

-                   Республиканын укук коргоо, күч түзүмдөрүндө же коопсуздук тармагында жалпы эмгек стажы бир жылдан кем эмес.

 

Талапкерлер «Кыргызалтын» ААКга төмөнкү документтерди тапшырышат:

 

-                     Өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-                     Сүрөтү менен резюме (электрондук почта дарегин көрсөтүү менен);

-                     Паспорттун көчүрмөсү;

-                     Керектүү кесиптик билимди, иш тажрыйбасын жана квалификацияны тастыктаган документтер (эмгек китепчесинин, билим жөнүндө документтердин, квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документтердин нотариалдык жактан же иш орду боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү).

 

Документтер 2026-жылдын 9 февралдан тартып  9 мартка чейин саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 195 дарегиндеги «Кыргызалтын» ААКтын Стратегияны иштеп чыгуу жана адам ресурстарын өнүктүрүү бөлүмүндө кабыл алынат, тел. 62-07-04.

 

Талаптарга дал келген талапкерлер гана маектешүүгө чакырылат.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар