Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 09.03.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
15 624.00
15 843.00
2 г.
30 013.00
30 403.00
5 г.
73 457.00
74 338.50
10 г.
145 681.00
147 283.50
20 г.
290 515.00
294 872.50
31.1035 г.
450 912.50
457 676.50
50 г.
723 972.50
745 691.50
100 г.
1 445 316.50
1 488 676.00
250 г.
3 627 308.50
3 681 718.00
500 г.
7 244 116.00
7 352 777.50
1000 г.
14 493 947.50
14 711 357.00
Валюта НБКР курсу 10.03.2026
09.03.2026
10.03.2026
USD
87,4500
87,4500
EUR
101,4551
100,8823
RUB
1,1109
1,1077
KZT
0,1771
0,1771
Баалуу металлдар 09.03.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
163,81
Күмүш
2,6885
Палладий
52,754
Платина
68,659

«Кыргызалтын» ААК капиталдык курулуш жана сатып алуулар башкармалыгынын башкы куруучу-сметачы кызматына бош орун бар экендигин жарыялайт. (Кеңсеси Бишкек шаарында жайгашкан)

23/02/2026 ж.

«Кыргызалтын» ААК капиталдык курулуш жана сатып алуулар башкармалыгынын башкы куруучу-сметачы кызматына бош орун бар экендигин жарыялайт. (Кеңсеси Бишкек шаарында жайгашкан)

Кызматтык милдеттери:

  • •Долбоорлоо жана курулуш уюмдарынын келишимдик милдеттенмелерди аткарышына көзөмөл жүргүзөт, зарыл учурларда келишимдерде каралган санкцияларды колдонот.
  • • Капиталдык курулуш жана оңдоо иштеринин пландарын аткарууну уюштурат, жумуштарды өндүрүү үчүн долбоордук-сметалык жана техникалык документтерди өз убагында берүүнү камсыз кылат.
  • • Капиталдык курулуш пландарынын аткарылышынын жүрүшүн, аткарылган иштердин көлөмүнүн долбоордук документтерге жана жумушчу чиймелерге шайкештигин көзөмөлдөйт.
  • • Курулуш-монтаждоо иштеринин мөөнөттөрүнө жана сапатына, курулуш ченемдерине жана эрежелерине (СНиП), эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы жана өрт коопсуздугу талаптарына ылайык иш өндүрүшүнүн технологиясын сактоого техникалык көзөмөл жүргүзөт.

 •Колдонулган материалдардын, буюмдардын жана конструкциялардын бекитилген долбоордук-сметалык документтерге, техникалык шарттарга жана стандарттарга шайкештигин текшерет.

  • • Курулуш объектилеринин наркын төмөндөтүүнү камсыз кылуучу прогрессивдүү технологиялык процесстерди киргизүүгө байланыштуу долбоорлорго өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелерин чечүүгө катышат.
  • • Аяктаган курулуш-монтаждоо иштерин жана объектилерин кабыл алат, керектүү техникалык документтерди тариздейт.
  • • Долбоорлоо институттары, МАМэкспертиза, ГАСК, ГлавАПУ жана башка көзөмөлдөөчү мекемелер менен иш алып барат; зарыл болгон учурда курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу уруксат берүүчү документтерди тариздейт.

• Подряддык мекемелер же чарбалык ыкма менен 2017-жылдын базасында иштерди аткарууда бир кылка баалардын туура колдонулушун (алардын иштердин курамына дал келишин), үстөк чыгымдардын жана пландаштырылган топтоолордун ченемдерин текшерет, ошондой эле учурдагы коюлган бааларга которот.

 • Чарбалык ыкма менен аткарылуучу оңдоо-курулуш иштерине сметаларды түзөт жана подряддык мекемелер тарабынан түзүлгөн сметаларды текшерет.

 • № 2 форма боюнча аткарылган иштердин актыларын жана № 3 форма боюнча маалымкаттарды бардык эсептөөлөр менен ай сайын текшерет.

• Бекитилген формалар боюнча жана белгиленген мөөнөттөрдө тиешелүү контролдоочу органдарга мезгилдүү отчеттуулукту белгиленген тартипте даярдайт (2-КС, 2-КС аймагы ж.б.).

• Подряддык мекемелердин бааларын жана төлөө үчүн берилген документтерин, ошондой эле бекитилген ченемдерге ылайык материалдардын чыгымын текшерет.

 

Талапкерлерге коюлуучу талаптар:

• жогорку техникалык билим;

• иштиктүү кат алышуу жана контрагенттер менен иштөө көндүмдөрү, сабаттуу жазуу жана маданияттуу сүйлөө;

• курулушта инженердик-техникалык кызматтарда 5 жылдан кем эмес иш стажы.

Талапкерлер «Кыргызалтын» ААКга төмөнкү документтерди тапшырышат:

-        Өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-        Сүрөтү менен резюме (электрондук почта дарегин көрсөтүү менен);

-        Паспорттун көчүрмөсү;

-        Керектүү кесиптик билимди, иш тажрыйбасын жана квалификацияны тастыктаган документтер (эмгек китепчесинин, билим жөнүндө документтердин, квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документтердин нотариалдык жактан же иш орду боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү).

 

Документтер 2026-жылдын 23-февралынан тартып 24-мартына чейин саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 195 дарегиндеги «Кыргызалтын» ААКтын Стратегияны иштеп чыгуу жана адам ресурстарын өнүктүрүү бөлүмүндө кабыл алынат, тел. 62-07-04.

 

Талаптарга дал келген талапкерлер гана маектешүүгө чакырылат.

 

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар