Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 25.09.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
13 214.00
13 646.00
2 г.
25 193.00
26 057.00
5 г.
61 332.50
63 118.50
10 г.
121 432.00
125 004.50
20 г.
242 091.50
249 609.50
31.1035 г.
375 604.00
387 287.50
50 г.
602 876.00
621 484.50
100 г.
1 203 198.50
1 240 789.50
250 г.
3 022 051.50
3 116 215.50
500 г.
6 033 526.00
6 221 481.00
1000 г.
12 072 768.50
12 448 678.00
Валюта НБКР курсу 26.09.2026
25.09.2026
26.09.2026
USD
87,4497
87,4482
EUR
99,5221
99,6210
RUB
1,0311
1,0318
KZT
0,1979
0,1980
Баалуу металлдар 25.09.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
138,02
Күмүш
2,0721
Палладий
40,915
Платина
57,210

«Кыргызалтын» ААКы катчы - иш кагаздарын жүргүзүүчү кызмат ордуна бош орун бар экендигин жарыялайт

24/02/2026 ж.

«Кыргызалтын» ААК чечимдердин аткарылышын контролдоо,  стратегияны иштеп чыгуу, кадр саясаты жана документ жүгүртүүнү камсыздоо башкармалыгынын чечимдердин аткарылышын контролдоо жана документ жүгүртүүнү камсыздоо бөлүмүнүн катчысы - иш кагаздарын жүргүзүүчү кызмат ордуна бош орун бар экендигин жарыялайт, кеңсе Бишкек шаарында.

Кызматтык милдеттери:

- Жетекчинин ишин уюштуруучулук-техникалык жактан камсыз кылуу.

- Жетекчинин кароосуна келип түшкөн кат-кабарларды кабыл алуу, аны кабыл алынган чечимге ылайык түзүмдүк бөлүмдөргө же конкреттүү аткаруучуларга иштөө процессинде аткаруу же жоопторду даярдоо үчүн өткөрүп берүү.

- Иш кагаздарын жүргүзүү, чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда маалыматты чогултуу, иштеп чыгуу жана көрсөтүү үчүн арналган компьютердик техниканы колдонуу менен ар кандай операцияларды аткаруу.

 ­ Жетекчинин катышуусунда өткөрүлүүчү кеңешмелерди уюштуруучулук жактан камсыз кылуу (катышуучуларды чакыруу; түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан киргизилген материалдарды чогултуу жана жалпылоо; зарыл болгон учурда протоколдорду жүргүзүү).

­ Жетекчи тарабынан көзөмөлдөнгөн түзүмдүк бөлүмдөр менен төмөнкү маселелер боюнча иш алып баруу:

 - документтерди аткаруу мөөнөтүнүн жакындап калганы жөнүндө эскертүү;

 - документтердин аткарылышынын толуктугуна жана мөөнөтүнө мониторинг жүргүзүү.

Коюлган талаптар:

 - жалпы орто кесиптик же жогорку билим;

 - ишкердик кат алышуу көндүмдөрү, сабаттуу жазуу жана оозеки маданияттуу сүйлөө, иш стажына талаптар коюлбайт.

Талапкерлер «Кыргызалтын» ААКга төмөнкү документтерди тапшырышат:

-  Өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-  Сүрөтү менен резюме (электрондук почта дарегин көрсөтүү менен);

-  Паспорттун көчүрмөсү;

-  Керектүү кесиптик билимди, иш тажрыйбасын жана квалификацияны тастыктаган документтер (эмгек китепчесинин, билим жөнүндө документтердин, квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документтердин нотариалдык жактан же иш орду боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү).

Документтер 2026-жылдын 24 февралдан тартып 25 мартка чейин саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 195 дарегиндеги «Кыргызалтын» ААКтын Стратегияны иштеп чыгуу жана адам ресурстарын өнүктүрүү бөлүмүндө кабыл алынат, тел. 62-07-04.

Талаптарга дал келген талапкерлер гана маектешүүгө чакырылат.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар