Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 25.09.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
13 214.00
13 646.00
2 г.
25 193.00
26 057.00
5 г.
61 332.50
63 118.50
10 г.
121 432.00
125 004.50
20 г.
242 091.50
249 609.50
31.1035 г.
375 604.00
387 287.50
50 г.
602 876.00
621 484.50
100 г.
1 203 198.50
1 240 789.50
250 г.
3 022 051.50
3 116 215.50
500 г.
6 033 526.00
6 221 481.00
1000 г.
12 072 768.50
12 448 678.00
Валюта НБКР курсу 26.09.2026
25.09.2026
26.09.2026
USD
87,4497
87,4482
EUR
99,5221
99,6210
RUB
1,0311
1,0318
KZT
0,1979
0,1980
Баалуу металлдар 25.09.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
138,02
Күмүш
2,0721
Палладий
40,915
Платина
57,210

«Кыргызалтын» ААК экономикалык талдоо жана болжолдоо башкармалыгынын башкы жетектөөчү адисинин бош кызмат ордуна сынак жарыялайт, кеңсе Бишкек шаарында жайгашкан.

05/03/2026 ж.

«Кыргызалтын» ААК экономикалык талдоо жана болжолдоо башкармалыгынын башкы жетектөөчү адисинин бош кызмат ордуна сынак жарыялайт, кеңсе Бишкек шаарында жайгашкан. 

Кызматтык милдеттери:

- ишкананын келечектеги жана жылдык финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнүн жана социалдык өнүгүүсүнүн долбоорлорун түзүү үчүн баштапкы маалыматтарды даярдоо; кварталдар боюнча бөлүштүрүү менен кураторлук кылуучу филиалдардын жана бөлүмдөрдүн бюджеттери менен иштөө, эсептөөлөрдү жүргүзүү жана аларга негиздемелерди даярдоо; пландык көрсөткүчтөрдү филиалдарга жана бөлүмдөргө жеткирүү;

-   продукциянын өздүк наркын аныктоо үчүн материалдык жана эмгектик чыгымдардын техникалык-экономикалык ченемдерин иштеп чыгууга катышуу; пландык-эсептик баалардын туура түзүлүшүнө көзөмөл жүргүзүү;

-   пландык жана эсептик документтерди өркүндөтүүгө, ошондой эле ички чарбалык пландоону уюштуруу боюнча методикалык материалдарды даярдоого катышуу;

 - кураторлук кылуучу филиалдардын жана бөлүмдөрдүн чарбалык ишмердүүлүгүнө комплекстүү экономикалык талдоо жүргүзүү;

- филиалдар жана бөлүмдөр тарабынан пландык тапшырмалардын аткарылышынын жүрүшүнө, ошондой эле алардын ишмердүүлүгүнүн натыйжаларын эсепке алууну ыкчам жүргүзүү жана көзөмөлдөө.

   Коюлуучу талаптар:

-  жогорку экономикалык билим;

-  иш кагаздарын жүргүзүү, сабаттуу жазуу жана оозеки сүйлөө, иш тажрыйбасы керек эмес.

Талапкерлер «Кыргызалтын» ААКга төмөнкү документтерди тапшырышат:

-  өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-  сүрөтү менен резюме (электрондук почта дарегин көрсөтүү менен);

-   паспорттун көчүрмөсү;

-  керектүү кесиптик билимди, иш тажрыйбасын жана квалификацияны тастыктаган документтер (эмгек китепчесинин, билим жөнүндө документтердин, квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документтердин нотариалдык жактан же иш орду боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү).

           

Документтер 2026-жылдын 5 марттан тартып 3 апрелге чейин саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 195 дарегиндеги «Кыргызалтын» ААКтын Стратегияны иштеп чыгуу жана адам ресурстарын өнүктүрүү бөлүмүндө кабыл алынат, тел. 62-07-04.

Талаптарга дал келген талапкерлер гана маектешүүгө чакырылат.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар