Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 25.09.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
13 214.00
13 646.00
2 г.
25 193.00
26 057.00
5 г.
61 332.50
63 118.50
10 г.
121 432.00
125 004.50
20 г.
242 091.50
249 609.50
31.1035 г.
375 604.00
387 287.50
50 г.
602 876.00
621 484.50
100 г.
1 203 198.50
1 240 789.50
250 г.
3 022 051.50
3 116 215.50
500 г.
6 033 526.00
6 221 481.00
1000 г.
12 072 768.50
12 448 678.00
Валюта НБКР курсу 26.09.2026
25.09.2026
26.09.2026
USD
87,4497
87,4482
EUR
99,5221
99,6210
RUB
1,0311
1,0318
KZT
0,1979
0,1980
Баалуу металлдар 25.09.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
138,02
Күмүш
2,0721
Палладий
40,915
Платина
57,210

«Кыргызалтын» ААК экономикалык талдоо жана болжолдоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызматына бош орун бар экендигин жарыялайт, кеңсе Бишкек шаарында жайгашкан

09/03/2026 ж.

«Кыргызалтын» ААК экономикалык талдоо жана болжолдоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызматына бош орун бар экендигин жарыялайт, кеңсе Бишкек шаарында жайгашкан.

Кызматтык милдеттери:

- «Кыргызалтын» ААКнын филиалдарынын жана структуралык бөлүмдөрүнүн экономикалык ишин өркүндөтүүнү координациялоо жана катышуу, пландуу-экономикалык ишмердүүлүктү уюштуруу боюнча методикалык жана нормативдик материалдарды даярдоону камсыз кылуу.

- Коомдун финансылык стратегиясын, келечектүү жана учурдагы пландардын, болжолдуу баланстардын жана акча каражаттарынын бюджеттеринин долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу.

- Коом боюнча, анын филиалдары жана бөлүмдөрү боюнча негизги өндүрүштүк жана техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдү пландоо (болжолдоо), тиешелүү бюджеттерди даярдоо жана аларды башкармалыктын начальнигинин кароосуна берүү.

- Филиалдардагы эмгекти жана башкарууну уюштуруунун абалын талдоо, аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо, анын ичинде башка башкармалыктар жана кызматтар менен биргеликте.

- Коомдун жана анын филиалдарынын экономикалык ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган болжолдоолорду иштеп чыгууну методологиялык жактан коштоо жана көзөмөлдөө.

 - Коомдун жана филиалдардын финансылык-экономикалык ишмердүүлүгүн талдоо, төлөөгө жөндөмдүүлүктү камсыз кылуу, өздүк наркты төмөндөтүү, рентабелдүүлүктү жана пайданы жогорулатуу, финансылык тартипти чыңдоо, ошондой эле каржылоонун резервдик булактарын аныктоо боюнча сунуштарды даярдоо.

- Филиалдардын пландык тартипти сактоосун жана пландык тапшырмаларды аткаруусун көзөмөлдөөнү уюштуруу, өндүрүштүк жана техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдү эсепке алуу, белгиленген мөөнөттө жана бекитилген формалар боюнча отчеттуулукту даярдоону камсыз кылуу.

Талапкерлерге коюлуучу талаптар:

- Жогорку экономикалык билим,

- Иштиктүү кат алышуу көндүмдөрү, сабаттуу жазуу жана оозеки сүйлөө,

- Финансылык ишмердүүлүктү уюштуруу жаатында адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес эмгек стажы.

Талапкерлер «Кыргызалтын» ААКга төмөнкү документтерди тапшырышат:

-       Өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-       Сүрөтү менен резюме (электрондук почта дарегин көрсөтүү менен);

-       Паспорттун көчүрмөсү;

-       Керектүү кесиптик билимди, иш тажрыйбасын жана квалификацияны тастыктаган документтер (эмгек китепчесинин, билим жөнүндө документтердин, квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документтердин нотариалдык жактан же иш орду боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү).

Документтер 2026-жылдын 9 марттан тартып 6 апрелге чейин саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 195 дарегиндеги «Кыргызалтын» ААКтын Стратегияны иштеп чыгуу жана адам ресурстарын өнүктүрүү бөлүмүндө кабыл алынат, тел. 62-07-04.

Талаптарга дал келген талапкерлер гана маектешүүгө чакырылат.

 

 

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар