Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 25.09.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
13 214.00
13 646.00
2 г.
25 193.00
26 057.00
5 г.
61 332.50
63 118.50
10 г.
121 432.00
125 004.50
20 г.
242 091.50
249 609.50
31.1035 г.
375 604.00
387 287.50
50 г.
602 876.00
621 484.50
100 г.
1 203 198.50
1 240 789.50
250 г.
3 022 051.50
3 116 215.50
500 г.
6 033 526.00
6 221 481.00
1000 г.
12 072 768.50
12 448 678.00
Валюта НБКР курсу 26.09.2026
25.09.2026
26.09.2026
USD
87,4497
87,4482
EUR
99,5221
99,6210
RUB
1,0311
1,0318
KZT
0,1979
0,1980
Баалуу металлдар 25.09.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
138,02
Күмүш
2,0721
Палладий
40,915
Платина
57,210

«Кыргызалтын» ААК капиталдык курулуш жана сатып алуулар башкармалыгынын долбоорлор жана мониторинг боюнча башкы адиси кызматына (кеңсе Бишкек шаарында) бош орун бар экендигин жарыялайт

16/03/2026 ж.

«Кыргызалтын» ААК капиталдык курулуш жана сатып алуулар башкармалыгынын долбоорлор жана мониторинг боюнча башкы адиси кызматына (кеңсе Бишкек шаарында) бош орун бар экендигин жарыялайт.

Кызматтык милдеттери:

- долбоорлордун мониторингин жана подрядчылар менен келишимдик иштерди жүзөгө ашыруу;

- келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгууну, укуктук экспертизаны жүргүзүүнү жана макулдашууну жүзөгө ашыруу (анын ичинде курулуш контракттарын, подряддарды, жеткирүүлөрдү, ижараларды, кызмат көрсөтүүлөрдү ж.б.);

- келишимдерди Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына, корпоративдик стандарттарга жана Коомдун кызыкчылыктарына ылайыктуулугун талдоону жана текшерүүнү жүргүзүү;

 - доо-арыз иштерин жүргүзүү;

- капиталдык курулуш долбоорлорунун аткарылышын юридикалык жактан мониторинг жүргүзүү;

- подряддык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнүн юридикалык колдоосун камсыз кылуу;

- долбоордук жана аткаруучулук документтердин мыйзам талаптарына шайкештигин көзөмөлдөө.

Талапкерлерге коюлуучу талаптар:

- жогорку техникалык же юридикалык билим;

- ишкердик кат алышуу жана контрагенттер менен иштөө көндүмдөрү, сабаттуу жазуу жана оозеки тил;

- профили боюнча (курулуш, сатып алуулар, юриспруденция чөйрөлөрүндө) 3 жылдан кем эмес эмгек стажы.

Талапкерлер «Кыргызалтын» ААКга төмөнкү документтерди тапшырышат:

-       өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-       сүрөтү менен резюме (электрондук почта дарегин көрсөтүү менен);

-       паспорттун көчүрмөсү;

-       керектүү кесиптик билимди, иш тажрыйбасын жана квалификацияны тастыктаган документтер (эмгек китепчесинин, билим жөнүндө документтердин, квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документтердин нотариалдык жактан же иш орду боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү).

 

Документтер 2026-жылдын 16 марттан тартып 14 апрелге чейин саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 195 дарегиндеги «Кыргызалтын» ААКтын Стратегияны иштеп чыгуу жана адам ресурстарын өнүктүрүү бөлүмүндө кабыл алынат, тел. 62-07-04.

Талаптарга дал келген талапкерлер гана маектешүүгө чакырылат.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар