Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 25.09.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
13 214.00
13 646.00
2 г.
25 193.00
26 057.00
5 г.
61 332.50
63 118.50
10 г.
121 432.00
125 004.50
20 г.
242 091.50
249 609.50
31.1035 г.
375 604.00
387 287.50
50 г.
602 876.00
621 484.50
100 г.
1 203 198.50
1 240 789.50
250 г.
3 022 051.50
3 116 215.50
500 г.
6 033 526.00
6 221 481.00
1000 г.
12 072 768.50
12 448 678.00
Валюта НБКР курсу 26.09.2026
25.09.2026
26.09.2026
USD
87,4497
87,4482
EUR
99,5221
99,6210
RUB
1,0311
1,0318
KZT
0,1979
0,1980
Баалуу металлдар 25.09.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
138,02
Күмүш
2,0721
Палладий
40,915
Платина
57,210

«Кыргызалтын» ААК «Кара-Балта тоо-кен компаниясы» ЖЧКнын башкы директорунун орун басары кызматына бош орун бар экендигин жарыялайт

20/04/2026 ж.

«Кыргызалтын» ААК «Кара-Балта тоо-кен компаниясы» ЖЧКнын башкы директорунун орун басары кызматына бош орун бар экендигин жарыялайт, кеңсе Бишкек шаарында жайгашкан.

Кызматтык милдеттери:

- ишкананы өнүктүрүүнүн саясатын жана стратегиялык багыттарын аткарууну камсыз кылуу, өндүрүштүн жана эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, чыгымдарды кыскартуу;

- ишкананы техникалык жана финансылык-экономикалык өнүктүрүүнүн келечегин иштеп чыгууну камсыз кылуу;

- эсепке алууну уюштуруу жана финансылык отчеттуулукту түзүү;

 - ишкананын жана анын туунду компанияларынын бизнес-пландарын иштеп чыгууну жана аткарууну камсыз кылуу. 

Коюлуучу талаптар:

- жогорку кесиптик билим (техникалык, юридикалык, экономикалык);

- иштиктүү кат алышуу көндүмдөрү, сабаттуу жазуу жана маданияттуу сүйлөө;

- тиешелүү профилдеги ишканаларда адистиги боюнча жана жетекчилик кызматтарда 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Талапкерлер «Кыргызалтын» ААКга төмөнкү документтерди тапшырышат:

-   автобиография (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-   Сүрөтү менен резюме (электрондук почта дарегин көрсөтүү менен);

-   Паспорттун көчүрмөсү;

-   Керектүү кесиптик билимди, иш тажрыйбасын жана квалификацияны тастыктаган документтер (эмгек китепчесинин, билим жөнүндө документтердин, квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документтердин нотариалдык жактан же иш орду боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү).

Документтер 2026-жылдын 20 апрелден тартып 22 майгачейин саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 195 дарегиндеги «Кыргызалтын» ААКтын Стратегияны иштеп чыгуу жана адам ресурстарын өнүктүрүү бөлүмүндө кабыл алынат, тел. 62-07-04.

Талаптарга дал келген талапкерлер гана маектешүүгө чакырылат.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар