Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 25.09.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
13 214.00
13 646.00
2 г.
25 193.00
26 057.00
5 г.
61 332.50
63 118.50
10 г.
121 432.00
125 004.50
20 г.
242 091.50
249 609.50
31.1035 г.
375 604.00
387 287.50
50 г.
602 876.00
621 484.50
100 г.
1 203 198.50
1 240 789.50
250 г.
3 022 051.50
3 116 215.50
500 г.
6 033 526.00
6 221 481.00
1000 г.
12 072 768.50
12 448 678.00
Валюта НБКР курсу 26.09.2026
25.09.2026
26.09.2026
USD
87,4497
87,4482
EUR
99,5221
99,6210
RUB
1,0311
1,0318
KZT
0,1979
0,1980
Баалуу металлдар 25.09.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
138,02
Күмүш
2,0721
Палладий
40,915
Платина
57,210

«Кыргызалтын» ААК «БИИЛ-Кыргызалтын» ЖЧКнын директорунун орун басарынын бош кызмат орду бар экендигин жарыялайт. Чүй облусу, Кара-Балта шаары

27/04/2026 ж.

«Кыргызалтын» ААК «БИИЛ-Кыргызалтын» ЖЧКнын директорунун орун басарынын бош кызмат орду бар экендигин жарыялайт.  Чүй облусу,  Кара-Балта шаары

 

Кызматтык милдеттери:

- эмгектин өндүрүмдүүлүгүн, иштин натыйжалуулугун жана лабораториялык сыноолорду өткөрүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган лабораториянын ишин уюштурууну жүзөгө ашыруу,

 - жумуштарды өз убагында жана сапаттуу аткаруу үчүн эмгек ресурстарын бөлүштүрүүнү камсыз кылуу,

- лабораториянын бардык бөлүмдөрүнүн ишине методикалык жетекчилик кылуу, технологиялык-аналитикалык иштердин илимий негизделишин жогорулатууга көмөктөшүү,

 - технологиялык-аналитикалык ишмердүүлүк боюнча методикалык материалдарды иштеп чыгууну, жаңы техниканы жана технологияны киргизүүнү, эмгекти илимий жактан уюштуруу,

- эсепке алууну жана талдоону оптималдаштыруу үчүн лабораториянын ишмердүүлүгүн башкаруунун жана эсептөө техникасынын автоматташтырылган системаларын киргизүүнү уюштуруу,

- пландык тапшырмалардын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу, лабораториянын бардык бөлүмдөрүнүн ишинин жыйынтыктарын комплекстүү талдоону жана баалоону уюштуруу,

- лабораториянын бардык тармактарында материалдык жана эмгек ресурстарын үнөмдөө режиминин сакталышын камсыз кылуу,

- илимий-изилдөө иштерин уюштуруу жана жетекчилик кылуу,

 - лабораториянын ресурстардын бардык түрлөрүнө болгон муктаждыгын аныктоо,

- лабораториянын материалдык-сырье жана эмгек ресурстарынын максаттуу сарпталышынын тууралыгын контролдоо,

- статистикалык маалыматтарды жана жаңы техниканы жана технологияны киргизүүнүн натыйжалуулугун комплекстүү талдоону жүргүзүү;

- Жумуш орундарын рационалдаштыруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу.

 

Коюлган талаптар:

- БИИЛдин адистигине жараша (физика, химия, техникалык) жогорку билим;

- иштиктүү кат алышуу, сабаттуу жазуу жана оозеки маданияттуу сүйлөө көндүмдөрү,

- жетекчи кызматтарда 5 жылдан кем эмес эмгек стажы.

Талапкерлер «Кыргызалтын» ААКсына төмөнкү документтерди тапшырышат:

- Өмүр баяны (соттолгондугу бар же жок экендиги тууралуу маалымат менен чогуу);

- Сүрөтү менен резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен);

- Паспорттун көчүрмөсү;

- Керектүү кесиптик билимди, иш стажын жана квалификацияны тастыктаган документтер (эмгек китепчеси, билим жөнүндө документтер, квалификацияны жогорултуу тууралуу күбөлүктөр — нотариалдык жактан же иштеген жериндеги кадрлар кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөр).

Документтер 2026-жылдын 27 - апрелден тартып 29- майга чейин саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 195 дарегиндеги «Кыргызалтын» ААКтын Стратегияны иштеп чыгуу жана адам ресурстарын өнүктүрүү бөлүмүндө кабыл алынат, тел. 62-07-04.

 

Талаптарга дал келген талапкерлер гана маектешүүгө чакырылат.

        

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар