Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 10.11.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
12 796.00
13 168.00
2 г.
24 357.00
25 097.00
5 г.
59 229.00
60 656.50
10 г.
117 225.00
120 022.00
20 г.
233 691.50
239 796.50
31.1035 г.
362 540.00
371 979.00
50 г.
581 869.50
599 325.50
100 г.
1 161 198.50
1 196 034.50
250 г.
2 917 058.00
3 004 549.50
500 г.
5 823 526.50
6 021 382.50
1000 г.
11 652 768.50
12 434 033.00
Валюта НБКР курсу 10.11.2026
09.11.2026
10.11.2026
USD
87,4478
87,4500
EUR
97,7492
97,8303
RUB
1,0759
1,0655
KZT
0,1956
0,1948
Баалуу металлдар 09.11.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
133,12
Күмүш
1,7175
Палладий
33,402
Платина
50,756

«Кыргызалтын» ААК экономикалык талдоо жана болжолдоо башкармалыгынын башкы адисинин бош кызмат ордуна сынак жарыялайт. Кеңсе Бишкек шаарында жайгашкан.

23/06/2026 ж.

«Кыргызалтын» ААК экономикалык талдоо жана болжолдоо башкармалыгынын башкы адисинин бош кызмат ордуна сынак жарыялайт. Кеңсе Бишкек шаарында жайгашкан.

 

Кызматтык милдеттери:

-  ишканалардын эмгек өндүрүмдүүлүгүн, натыйжалуулугун жана рентабелдүүлүгүн жогорулатууга, өндүрүлгөн продукциянын өздүк наркын төмөндөтүүгө, эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жана эмгек акынын өсүү темптеринин туура катышын камсыздоого, материалдык, эмгек жана финансылык ресурстарды эң аз чыгымдоо менен эң чоң натыйжаларга жетишүү үчүн багытталган көзөмөлдөгү филиалдардын жана бөлүмдөрдүн экономикалык ишмердүүлүгүн уюштурууну жана өркүндөтүүнү жүзөгө ашыруу.

-  пландоонун ченемдик базасын түзүү жана жакшыртуу, товардык-материалдык баалуулуктардын, жүгүртүү жана негизги каражаттардын чыгымдоо ченемдерин өркүндөтүү боюнча экономикалык көрсөткүчтөрдү пландоону жакшыртуу.

-  коомдун филиалдарынын жана бөлүмдөрүнүн ишин техникалык-экономикалык  жактан пландоо, капиталдык салымдардын экономикалык натыйжалуулугун эсептөө боюнча методикалык материалдарды иштеп чыгууга катышуу.

-  коомдун чарбалык ишмердүүлүгүнүн бардык багыттарында материалдык, эмгек жана финансылык ресурстарды үнөмдөө режимин катуу сактоо боюнча чараларды көрүү.

-  көзөмөлдөгү филиалдарда жана бөлүмдөрдө колдонулуучу пландоо, эсепке алуу жана отчеттук документтердин рационалдуу формаларын иштеп чыгууну уюштуруу.

-  пландык-финансылык тартиптин сакталышын камсыздоо, план-тапшырмалардын аткарылышын контролдоо.

-  коомдун көзөмөлдөгү филиалдарынын жана бөлүмдөрүнүн өндүрүштүк-чарбалык ишмердүүлүгүнүн натыйжаларын комплекстүү экономикалык талдоону жана баалоону жүргүзүү, ички резервдерди пайдалануу, ишканалардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу.

-  экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртууга, экономикалык иштин прогрессивдүү формаларын жана методдорун иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу, ошондой эле эң максатка ылайыктуу экономикалык көрсөткүчтөрдү киргизүүгө көмөктөшүү.

 

   Коюлуучу талаптар:

-  жогорку экономикалык билим;

-  иш кагаздарын жүргүзүү, контрагенттер менен иштөө көндүмдөрү, сабаттуу жазуу жана оозеки сүйлөө, иш тажрыйбасы адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес.

 

Талапкерлер «Кыргызалтын» ААКга төмөнкү документтерди тапшырышат:

-  өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-  сүрөтү менен резюме (электрондук почта дарегин көрсөтүү менен);

-  паспорттун көчүрмөсү;

-  Керектүү кесиптик билимди, иш тажрыйбасын жана квалификацияны тастыктаган документтер (эмгек китепчесинин, билим жөнүндө документтердин, квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү).

 

Документтер 2026-жылдын 23 июнунан тартып 01 июлуна чейин саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 195 дарегиндеги «Кыргызалтын» ААКтын Стратегияны иштеп чыгуу жана адам ресурстарын өнүктүрүү бөлүмүндө кабыл алынат, тел. 62-07-04.

 

Талаптарга дал келген талапкерлер гана маектешүүгө чакырылат.

 

 

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар