«Кыргызалтын» ААК чечимдердин аткарылышын контролдоо жана документ жүгүртүүнү камсыздоо бөлүмүнүн катчысы – иш кагаздарын жүргүзүүчү кызмат ордуна бош орун жарыялайт,кеңсе Бишкек шаарында.
«Кыргызалтын» ААК чечимдердин аткарылышын контролдоо, стратегияны иштеп чыгуу, кадр саясаты жана документ жүгүртүүнү камсыздоо башкармалыгынын чечимдердин аткарылышын контролдоо жана документ жүгүртүүнү камсыздоо бөлүмүнүн катчысы - иш кагаздарын жүргүзүүчү кызмат ордуна бош орун бар экендигин жарыялайт, кеңсе Бишкек шаарында.
Кызматтык милдеттери:
- жетекчинин ишин уюштуруучулук-техникалык жактан камсыз кылуу.
- жетекчинин кароосуна келип түшкөн кат-кабарларды кабыл алуу, аны кабыл алынган чечимге ылайык түзүмдүк бөлүмдөргө же конкреттүү аткаруучуларга иштөө процессинде аткаруу же жоопторду даярдоо үчүн өткөрүп берүү.
- иш кагаздарын жүргүзүү, чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда маалыматты чогултуу, иштеп чыгуу жана көрсөтүү үчүн арналган компьютердик техниканы колдонуу менен ар кандай операцияларды аткаруу.
жетекчинин катышуусунда өткөрүлүүчү кеңешмелерди уюштуруучулук жактан камсыз кылуу (катышуучуларды чакыруу; түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан киргизилген материалдарды чогултуу жана жалпылоо; зарыл болгон учурда протоколдорду жүргүзүү).
Коюлган талаптар:
- жалпы орто кесиптик же жогорку билим;
- ишкердик кат алышуу көндүмдөрү, сабаттуу жазуу жана оозеки маданияттуу сүйлөө, иш стажына талаптар коюлбайт.
Талапкерлер «Кыргызалтын» ААКга төмөнкү документтерди тапшырышат:
- өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
- сүрөтү менен резюме (электрондук почта дарегин көрсөтүү менен);
- паспорттун көчүрмөсү;
- керектүү кесиптик билимди, иш тажрыйбасын жана квалификацияны тастыктаган документтер (эмгек китепчесинин, билим жөнүндө документтердин, квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү).
Документтер 2026-жылдын 5 августунан тартып 14 августуна чейин саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 195 дарегиндеги «Кыргызалтын» ААКтын Стратегияны иштеп чыгуу жана адам ресурстарын өнүктүрүү бөлүмүндө кабыл алынат, тел. 62-07-04.
Талаптарга дал келген талапкерлер гана маектешүүгө чакырылат.
Документтерди жөнөтүүдө сөзсүз түрдө талапкер болуп жаткан бош кызмат ордунун аталышын көрсөтүңүз.



