«Кыргызалтын» ААКтын туунду компаниясы — «Орол-Тоо» ЖЧКсы өндүрүш боюнча башкы экономист кызмат ордуна сынак жарыялайт.
«Кыргызалтын» ААКтын туунду компаниясы — «Орол-Тоо» ЖЧКсы өндүрүш боюнча башкы экономист кызмат ордуна сынак жарыялайт.
Кызматтык милдеттери:
Өндүрүштүк пландарды жана бюджеттерди түзүү жана талдоо.
Казуунун жана өндүрүштүк процесстердин наркын эсептөө жана талдоо.
Пландык жана иш жүзүндөгү чыгымдарды контролдоо, четтөөлөрдүн себептерин талдоо.
Экономикалык эсептөөлөрдү, аналитикалык маалымдамаларды жана отчетторду даярдоо.
Материалдык, эмгек жана финансылык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун талдоо.
Чыгымдарды оптималдаштыруу жана өндүрүштүн экономикалык натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга катышуу. Талапкерлерге коюлуучу талаптар:
Жогорку экономикалык билим.
Өндүрүштүк ишканада, айрыкча тоо-кен тармагында экономист болуп иштөө тажрыйбасы.
Талапкерлер төмөнкү документтерди тапшыруусу керек:
Өмүр баяны, соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалымкатты көрсөтүү менен;
Сүрөтү жана электрондук почта дареги көрсөтүлгөн резюме;
Паспорттун көчүрмөсү;
Билимин, эмгек стажысын жана квалификациясын тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (эмгек китепчеси, билим жана квалификацияны жогорулатуу боюнча документтер).
Документтерди тапшыруу мөөнөтү жана тартиби
Документтер 2026-жылдын 9-ноябры саат 12:00гө чейин Бишкек ш., Манас пр., 30/1 дареги боюнча кабыл алынат.
Электрондук почта: oroltoo25@gmail.com
Маалымат алуу телефону: +996 700 88 82 29.
Маектешүүгө талаптарга туура келген талапкерлер гана чакырылат.
Документтерди жөнөткөндө талапкер катышып жаткан бош кызматтын аталышын көрсөтүү зарыл.



