Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 25.09.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
13 214.00
13 646.00
2 г.
25 193.00
26 057.00
5 г.
61 332.50
63 118.50
10 г.
121 432.00
125 004.50
20 г.
242 091.50
249 609.50
31.1035 г.
375 604.00
387 287.50
50 г.
602 876.00
621 484.50
100 г.
1 203 198.50
1 240 789.50
250 г.
3 022 051.50
3 116 215.50
500 г.
6 033 526.00
6 221 481.00
1000 г.
12 072 768.50
12 448 678.00
Валюта НБКР курсу 26.09.2026
25.09.2026
26.09.2026
USD
87,4497
87,4482
EUR
99,5221
99,6210
RUB
1,0311
1,0318
KZT
0,1979
0,1980
Баалуу металлдар 25.09.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
138,02
Күмүш
2,0721
Палладий
40,915
Платина
57,210

«Кыргызалтын» ААКнын акционерлери таза пайданын 100%ын мамлекеттик бюджетке дивиденд катары бөлүү чечимин кабыл алышты

14/04/2026 ж.

 

«Кыргызалтын» ААКда 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык жалпы акционерлер жыйыны өткөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө компаниянын финансылык-чарбалык ишмердүүлүгү боюнча отчет каралып, бюджеттин аткарылышына талдоо жүргүзүлүп, негизги натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнө баа берилди. Ошондой эле ишкананын мындан аркы өнүгүү стратегиясы талкууланды.


2025-жылдын жыйынтыгы боюнча «Кыргызалтын» ААКнын кирешеси 20,7 млрд сомду түзүп, таза пайдасы 18,7 млрд сомго жетти. 2024-жылга салыштырмалуу пайда 9%га өскөнү белгиленип, бул компания үчүн кезектеги рекорддук көрсөткүч болду.
Жыйындын жыйынтыгында акционерлер тарабынан алынган таза пайданын 100%ын мамлекеттик бюджетке дивиденд катары бөлүү жөнүндө чечим кабыл алынды.


Талкуунун жүрүшүндө айтылган бардык сунуштар жана сунуш-пикирлер эске алынып, күн тартибиндеги маселелер боюнча тиешелүү чечимдер бекитилди.
Эске салсак, «Кыргызалтын» ААКнын негизги акционери болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги эсептелет (акциялардын 99%), ал эми 1% акция Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине таандык.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар