Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 04.06.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
13 713.00
14 396.50
2 г.
26 190.50
27 557.50
5 г.
63 841.50
66 870.00
10 г.
126 450.00
132 507.50
20 г.
252 112.50
264 615.50
31.1035 г.
391 189.00
410 624.50
50 г.
627 936.50
646 774.50
100 г.
1 253 304.00
1 290 903.00
250 г.
3 147 307.00
3 194 516.50
500 г.
6 284 053.00
6 378 314.00
1000 г.
12 573 822.00
12 762 429.00
Валюта НБКР курсу 05.06.2026
04.06.2026
05.06.2026
USD
87,4500
87,4500
EUR
101,5163
101,5688
RUB
1,1953
1,1881
KZT
0,1787
0,1801
Баалуу металлдар 04.06.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
144,12
Күмүш
2,3749
Палладий
42,546
Платина
60,829

«Азыркы таптагы лидерлердин стратегиясы» аттуу форумунун алкагында «Кыргызалтын» ААК республикадагы алдыңкы ЖОЖдор менен кадрларды даярдоо багытында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду

16/04/2026 ж.

2026-жылдын 16-апрелинде «Кыргызалтын» ААКнын базасында Кыргыз Республикасынын кенпайдалануучулар союзу тарабынан уюштурулган «Азыркы таптагы лидерлердин стратегиясы» аттуу тоо-кен тармагындагы форум болуп өттү. Иш-чара мамлекеттин, бизнестин, илимдин жана билим берүүнүн өкүлдөрүн бириктирген, өлкөнүн тоо-кен тармагын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоого арналган негизги тармактык аянтчалардын бири болду.

Форумга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Э. Акунбеков, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри А. Токтобаев, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле «Кыргызалтын» ААК, «Кумтор Голд Компани» ЖАК, «Алтын Кен» ЖЧК, «Алтын Альянс» ЖЧК, «Эти Бакыр Терексай» ЖЧК сыяктуу алдыңкы тоо-кен компанияларынын жетекчилери катышты. Ошондой эле иш-чарага илимий коомчулуктун өкүлдөрү жана алдыңкы ЖОЖдордун жетекчилери катышышты.

Форумдун негизги максаты - глобалдык экономикалык трансформация шартында тоо-кен тармагын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган практикалык жана стратегиялык чечимдерди иштеп чыгуу болду. Мамлекеттин, бизнестин жана коомдун кызыкчылыктарынын ортосундагы тең салмактуулукту сактоого, ошондой эле өлкө экономикасынын негизги секторлорунун бири катары тармактын узак мөөнөттүү туруктуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду.

Ишчаранын жүрүшүндө катышуучулар жаратылыш ресурстарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, эл аралык экологиялык стандарттарды киргизүү, казып алуу өнөр жайында технологиялык жана санариптик чечимдерди өнүктүрүү, ошондой эле 2035-жылга чейин тоо-кен тармагын туруктуу өнүктүрүүнүн бирдиктүү стратегиясын түзүү маселелерин кеңири талкуулашты. Мындан тышкары тармактын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу жана минералдык-сырьёлук базаны рационалдуу пайдалануу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Маанилүү багыттардын бири катары кадрдык потенциалды өнүктүрүү маселеси каралды.

Форумда сөз сүйлөгөн «Кыргызалтын» ААКнын Башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов тармактагы кадрдык потенциалды системалуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, компания бул багытта активдүү иш алып барууга даяр экенин билдирди.

«Тоо-кен тармагын өнүктүрүү жаңы муундагы, теориялык билимдер менен катар бекем практикалык көндүмдөргө ээ болгон адистерсиз мүмкүн эмес. «Кыргызалтын» мындан ары да профилдик окуу жайлары менен кызматташууну кеңейтүүгө, жаш адистер үчүн практикалык окутуу жана стажировка программаларын өнүктүрүүгө, ошондой эле алардын кесиптик өсүшү жана тармакта бекем орун алышы үчүн шарттарды түзүүгө даяр», – деди ал.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси А. Касымалиевдин тапшырмасын аткаруу алкагында «Кыргызалтын» ААКы республикадагы алдыңкы ЖОЖдор менен (Ж. Баласагын атындагы КУУ, И. Раззаков атындагы КМТУ, Б. Ельцин атындагы КОСУ) кадрларды даярдоо боюнча кызматташуу тууралуу меморандумга кол койду.

Документ студенттерди профилдик багыттар боюнча окутууну, «Кыргызалтын» ААКнын ишканаларында өндүрүштүк практика жана стажировкаларды өтүүнү, ошондой эле компаниянын адистеринин билим берүү процесстерине катышуусун карайт.

Кыргыз Республикасынын кенпайдалануучулар союзунун директору Акылбек Маралбаев тоо-кен тармагы өлкө экономикасынын негизги кыймылдаткычтарынын бири бойдон калууда, бюджетке жана калктын иш менен камсыз болушуна олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи. Ошол эле учурда ал тармакты мындан ары өнүктүрүү системалуу реформаларсыз жана модернизациясыз мүмкүн эместигин кошумчалады.

«Бүгүнкү күндө тармак алдында укуктук-ченемдик базаны өркүндөтүү, заманбап технологиялык чечимдерди киргизүү, мамлекет, бизнес жана илим ортосундагы институционалдык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө милдеттери турат. Бул форум конструктивдүү диалог үчүн аянтча болуп, анын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын тоо-кен тармагын туруктуу өнүктүрүүнүн негизги стратегиялык багыттары аныкталды» - деди ал.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар