Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 16.10.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
12 895.00
13 646.00
2 г.
24 554.50
26 057.00
5 г.
59 725.50
63 118.50
10 г.
118 218.00
125 004.50
20 г.
235 673.50
249 609.50
31.1035 г.
365 623.00
387 287.50
50 г.
586 826.00
621 484.50
100 г.
1 171 109.00
1 240 789.50
250 г.
2 941 833.00
3 116 215.50
500 г.
5 873 079.50
6 221 481.00
1000 г.
11 751 874.50
13 011 022.50
Валюта НБКР курсу 18.10.2026
17.10.2026
18.10.2026
USD
87,4500
87,4500
EUR
98,3375
98,3375
RUB
1,0449
1,0449
KZT
0,1934
0,1934
Баалуу металлдар 16.10.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
133,92
Күмүш
1,8311
Палладий
35,801
Платина
52,740

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Балыкчы шаарындагы “Алтын Логистик” эл аралык логистикалык борборунун ачылыш аземине катышты

28/05/2026 ж.

Ысык-Көл облусу, Балыкчы, 28-май – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Балыкчы шаарындагы “Кыргызалтын” ААКтын “Алтын Логистик” эл аралык логистикалык борборунун ачылыш аземине катышты.

МинКаб Төрагасы белгилегендей, эл аралык транспорт коридорлорунун кесилишинде жайгашкан Кыргызстан өзүнүн транзиттик жана логистикалык потенциалын активдүү өнүктүрүүдө.

"Бул жааттагы маанилүү долбоорлордун бири - "Алтын Логистик" эл аралык логистикалык борбору. Борбор Улуу Жибек жолунун маанилүү багыттарынын биринде жайгашкан жана ал Кытайды, Борбор Азия өлкөлөрүн жана КМШ өлкөлөрүн байланыштырган негизги логистикалык хаб катары натыйжалуу иш алып барарына ишенем. Бул ыңгайлуу жайгашкан жер эл аралык соода байланыштарын кеңейтүүгө, транзиттик жүк агымын көбөйтүүгө жана региондун транспорттук-логистикалык секторунда Кыргыз Республикасынын ролун бекемдөөгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт”, - деди ал.

Долбоор аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө да салым кошуп жатканын Адылбек Касымалиев улантты. Мында 80ден ашык жаңы жумуш орундары түзүлдү.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы өз сөзүндө “Кыргызалтын” ААКнын ишмердүүлүгүнө өзгөчө токтолду. Уюм тоо-кен тармагы менен эле чектелбестен, логистика, инфраструктура жана инвестиция жаатындагы долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып келет. Ал компаниянын 2025-жылдагы оң каржылык көрсөткүчтөрү эффективдүү башкаруунун жана кесипкөй башкаруунун натыйжасы экенин билдирди. Тактап айтканда, 2025-жылдын аягына карата “Кыргызалтын” ААКсы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн 18,7 млрд сомдон ашык түздү.

Логистикалык борбор 5,5 гектар аянтка жайгашып, транспорттук-логистикалык процесстерди коопсуз жана натыйжалуу уюштуруу үчүн заманбап инфраструктура менен жабдылган. Комплекстин кубаттуулугу күнүнө 200 жүк ташуучу унааны тейлөөгө мүмкүндүк берет.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар