Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 28.08.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
14 061.00
14 258.00
2 г.
26 886.50
27 236.00
5 г.
65 592.00
66 379.50
10 г.
129 951.50
131 381.00
20 г.
259 104.50
262 991.50
31.1035 г.
402 063.00
408 094.00
50 г.
645 422.50
664 785.00
100 г.
1 288 265.00
1 326 913.00
250 г.
3 234 704.50
3 283 225.00
500 г.
6 458 859.00
6 555 742.00
1000 г.
12 923 434.00
13 117 285.50
Валюта НБКР курсу 30.08.2026
29.08.2026
30.08.2026
USD
87,4500
87,4500
EUR
101,8312
101,8312
RUB
1,0172
1,0172
KZT
0,1881
0,1881
Баалуу металлдар 28.08.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
143,24
Күмүш
2,1342
Палладий
45,737
Платина
58,740

МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Ысык-Көл облусунда “Кыргызалтын Резорт” ден соолукту чыңдоо борборунун ачылышына катышты

15/07/2026 ж.

Ысык-Көл облусу, 2026-жылдын 15-июлу – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Ысык-Көл облусунда “Кыргызалтын Резорт” ден соолукту чыңдоо борборунун ачылышына катышты. 

Белгилей кетсек, “Кыргыз деңизи” санаторийин комплекстүү модернизациялоонун биринчи этабы аяктагандан кийин, “Кыргызалтын Резорт” ден соолукту чыңдоо борбору катары ишке кирди. Өткөн жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде бул объект тоо-кен тармагында эмгектенген кызматкерлердин эс алуусун жана ден соолугун чыңдоону уюштуруу максатында “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун башкаруусуна өткөрүлүп берилген.

Анда сөз сүйлөгөн МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков, өлкө Президенти Садыр Жапаров курорттук аймактарды өнүктүрүү, туристтик инфраструктураны жаңылоо жана эс алуу жайларынын сапатын жогорулатуу – мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири катары киргизгенин айтып, мамлекетте адам капиталына болгон мамиле өзгөргөнүн билдирди. 

“Өнүгүүлөр менен катар өлкөдөгү курорттор, пансионаттар жана балдар лагерлери да өзгөрүүлүүдө. Биз үчүн бул объекттердин мааниси чоң. Булар элдин ден соолугуна, жашоо сапатына жана үй-бүлөлүк бакубаттуулукка кызмат кылат. Жаңыланган “Кыргызалтын Резорт” – ден соолукту чыңдоо борбору ар бир конокко жагымдуу эс алуу тартуулап, өлкөбүздө туризм өнүгө берсин”, - деди МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков. 

Кошумчалай кетсек, 1975-жылы негизделген “Кыргыз деңизи” санаторийи өлкөнүн эң ири жана белгилүү ден соолукту чыңдоо жайларынын бири болуп келген. Бирок имараттардын жана инженердик коммуникациялардын узак мөөнөт пайдаланылышына байланыштуу объектти комплекстүү реконструкциялоо жана модернизациялоо зарылдыгы жаралган.

Модернизациялоодо башкы корпус, инженердик инфраструктура жана борбордун аймагы менен конок бөлмөлөрү заманбап талаптарга ылайык толугу менен оңдолуп, жаңы эмерек жана техникалар менен жабдылды. Ошондой эле узундугу 205 метрди түзгөн заманбап пирс ишке кирди, 2009-жылдан бери иштебей турган ачык бассейн пайдаланууга берилди. Учурда эл аралык стандарттарга жооп берген көп функционалдуу спорт комплексинин курулушу уланууда. 

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар