Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 27.10.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
12 535.00
13 505.50
2 г.
23 835.00
25 776.00
5 г.
57 915.50
62 416.00
10 г.
114 598.00
124 020.50
20 г.
228 445.00
246 798.50
31.1035 г.
354 381.00
382 916.00
50 г.
568 749.50
614 457.00
100 г.
1 134 967.00
1 226 734.50
250 г.
2 851 483.50
3 102 164.50
500 г.
5 692 369.00
6 151 205.50
1000 г.
11 390 454.00
12 982 906.50
Валюта НБКР курсу 27.10.2026
26.10.2026
27.10.2026
USD
87,4486
87,4500
EUR
97,8637
97,9965
RUB
1,0752
1,0822
KZT
0,1940
0,1934
Баалуу металлдар 26.10.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
129,16
Күмүш
1,7351
Палладий
33,564
Платина
49,239

«Кыргызалтын» ААК менен И. Раззаков атындагы КМТУ тоо-кен тармагы үчүн дуалдык билим берүүнү киргизүү боюнча келишимге кол коюшту

28/07/2026 ж.

Бүгүн, 2026-жылдын 28-июлунда, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин имаратында «Кыргызалтын» ачык акционердик коому менен И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети дуалдык билим берүү системасы аркылуу адистерди даярдоо боюнча келишимге кол коюшту.

 
Аталган документ өлкөнүн тоо-кен тармагын квалификациялуу ата мекендик кадрлар менен камсыз кылууга багытталган.
Алдыдагы жылдары «Кыргызалтын» ААК бир катар ири кен долбоорлорун ишке киргизүүнү пландап жатат.
Бул өз кезегинде инженердик-техникалык адистерге болгон талаптын олуттуу өсүшүнө алып келет. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, жакынкы эки жыл ичинде компанияга тармак боюнча 100дөн ашык квалификациялуу кызматкер талап кылынат.
 
2026-жылдын сентябрь айынан тартып И. Раззаков атындагы КМТУнун студенттери окуу менен катар «Кыргызалтын» ААКнын өндүрүштүк объектилеринде практикалык тажрыйбадан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Мындай ыкма келечектеги адистерге өндүрүштүк көндүмдөрдү алууга, ал эми ишканаларга өздөрүнө керектүү кадрларды алдын ала даярдоого шарт түзөт.
 
«Дуалдык билим берүү системасы университет менен өндүрүштүн мүмкүнчүлүктөрүн бириктирип, студенттерге практикалык көндүмдөрдү алууга жана тармакты кесипкөй ата мекендик кадрлар менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Бул келишим Кыргыз Республикасынын тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө маанилүү салым кошот деп ишенем», - деп белгиледи «Кыргызалтын» ААКнын Башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов.
Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө «Кыргызалтын» ААКнын Башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова менен тоо-кен тармагы үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоо маселелерин талкуулады.
 
Тараптар студенттердин өндүрүштүк практикасын өнүктүрүүгө, билим берүү мекемелери менен тармактагы ишканалардын өз ара кызматташуусун күчөтүүгө, ошондой эле адистештирилген окуу жайлардын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурушту.
Белгилей кетсек, буга чейин «Кыргызалтын» ААК кадрларды даярдоо маселесин талкуулоо демилгесин көтөрүп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өкүлдөрүнүн, жогорку окуу жайлардын жана тоо-кен компанияларынын катышуусунда тармактык форум өткөргөн.
Форумдун жыйынтыгында дуалдык билим берүүнү өнүктүрүү өндүрүш менен жогорку билим берүү системасынын ортосундагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарынын бири катары белгиленген.
Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар