Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 25.09.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
13 214.00
13 646.00
2 г.
25 193.00
26 057.00
5 г.
61 332.50
63 118.50
10 г.
121 432.00
125 004.50
20 г.
242 091.50
249 609.50
31.1035 г.
375 604.00
387 287.50
50 г.
602 876.00
621 484.50
100 г.
1 203 198.50
1 240 789.50
250 г.
3 022 051.50
3 116 215.50
500 г.
6 033 526.00
6 221 481.00
1000 г.
12 072 768.50
12 448 678.00
Валюта НБКР курсу 26.09.2026
25.09.2026
26.09.2026
USD
87,4497
87,4482
EUR
99,5221
99,6210
RUB
1,0311
1,0318
KZT
0,1979
0,1980
Баалуу металлдар 25.09.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
138,02
Күмүш
2,0721
Палладий
40,915
Платина
57,210

“Кыргызалтын” ААКсы менен "Макмал Голд Компани" ЖЧКсы биргеликте ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана өндүрүштү өркүндөтүү максатындагы иштерди улантууда

09/01/2024 ж.

Эскерте кетсек ишкананын жетекчилиги тарабынан 2023-жылдын август айында өндүрүштү жакшыртуу максатында "Макмал" кениндеги шахтага кирип-чыгууга жана жүк жүктөөгө ылайыкташтырылган техникаларды  ишке берип жатып, мындан ары да бул иш-чара уланаарын, ишканын техникалык базасын чыңдоо иштери жасала бере тургандыгын белгилеген.  

Жыл жаңыраары   менен өндүрүштүн кызыкчылыгы  үчүн "Макмал" тоо-кен бөлүмүнүн ишин жакшыртуу, жумушчулардын коопсуздугун коргоо максатында жаңы техникалар алынып келинди.

Алсак атайын шахтанын ичинен кен ташып чыгууга ылайыкташтырылган 4 даана техника, шахтанын ичинен жүк жүктөөгө ылайыкташтырылган 1 даана техника алынып, ишке берүүнүн алдында турат.

   Мындан сырткары ишкананын ички жумуштарын аткаруу максатында 1 даана электр кубаттагыч менен жүргөн, атайын имараттардын ичине кирип -чыгууга ылайыкташтырылган авто унаа, ишканага керектүү шаймандарды жана башка оор жүктөрдү ташуу, акча-каражатын үнөмдөө максатында 1 даана жүк ташуучу “MAН TGL 8.210” үлгүсүндөгү авто унаа жана жумушчуларды таашыган 1 даана "Sprinter Reks" үлгүсүндөгү авто унаа алынды.

Белгилей кетсек, 2023-жылы ишкана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жалпы суммасы 13,8 миллион сомдон ашык 9 даана техника сатып алган.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар