Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 11.11.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
12 611.00
13 168.00
2 г.
23 987.00
25 097.00
5 г.
58 298.00
60 656.50
10 г.
115 363.50
120 022.00
20 г.
229 974.00
239 796.50
31.1035 г.
356 759.00
371 979.00
50 г.
572 573.00
597 830.00
100 г.
1 142 612.00
1 192 953.50
250 г.
2 870 594.00
3 004 549.50
500 г.
5 730 592.50
6 021 382.50
1000 г.
11 466 901.50
12 434 033.00
Валюта НБКР курсу 11.11.2026
10.11.2026
11.11.2026
USD
87,4500
87,4498
EUR
97,8303
98,3635
RUB
1,0655
1,0570
KZT
0,1948
0,1954
Баалуу металлдар 10.11.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
129,65
Күмүш
1,6569
Палладий
32,987
Платина
49,522

«Кыргызалтын» ААК Башкармасынын төрагасы Кубат Абдраимов өлкөнүн түштүгүндөгү тоо-кен ишканаларына иш сапары менен барды

23/10/2023 ж.

«Кыргызалтын» ААК Башкармасынын төрагасы Кубат Абдраимов «Эти Бакыр Терексай» ЖЧК тоо кен ишканасына иш сапары менен барды.

Иш сапардын жүрүшүндө «Кыргызалтын» ААКнын жетекчилиги компаниянын ишинин жүрүшү жана компаниянын келечектеги жасалчу иштери менен кеңири таанышты.

Кубат Абдраимов кен иштетүүчү компаниянын жетекчилигине жана түрк инвесторлорунун Кыргызстандын экономикасына кошкон салымына жогору баа берди.

Мындан сыркары, «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКнын жана «Кыргызалтын» ААКнын жетекчилери ишкананын учурдагы милдеттерин жана көйгөйлөрүн талкуулашты.

Белгилей кетсек, «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКнын 25% үлүшү «Кыргызалтын» ААКна таандык.

Ошону менен бирге «Кыргызалтын» ААК Башкармасынын төрагасы Кубат Абдраимов «Фул Голд Майнинг Компани» ЖЧКнын учурдагы иштери жана келечектеги өнүгүү пландары менен таанышты.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар