Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 25.09.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
13 214.00
13 646.00
2 г.
25 193.00
26 057.00
5 г.
61 332.50
63 118.50
10 г.
121 432.00
125 004.50
20 г.
242 091.50
249 609.50
31.1035 г.
375 604.00
387 287.50
50 г.
602 876.00
621 484.50
100 г.
1 203 198.50
1 240 789.50
250 г.
3 022 051.50
3 116 215.50
500 г.
6 033 526.00
6 221 481.00
1000 г.
12 072 768.50
12 448 678.00
Валюта НБКР курсу 26.09.2026
25.09.2026
26.09.2026
USD
87,4497
87,4482
EUR
99,5221
99,6210
RUB
1,0311
1,0318
KZT
0,1979
0,1980
Баалуу металлдар 25.09.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
138,02
Күмүш
2,0721
Палладий
40,915
Платина
57,210

«Кыргызалтын» ААК 2024-жылы рекорддук кирешеге жетишти

09/03/2025 ж.

2024-жылы “Кыргызалтын” ААКнын кирешеси 17,2 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 36%га көп.

Мындай натыйжага компаниянын айрым аймактарын эффективдүү башкаруунун жана оптималдаштыруунун аркасында жетишилди. «Кыргызалтын» ААКы учурда бардык бөлүмдөрдүн финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча артыкчылыктуу багытты карманууда, ошондой эле киреше алуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо.

Мисалы, «Макмал Голд Компани» ЖЧКсынын филиалы 2022-жылдын аягында 200 миллион сомго жакын зыян тарткан. Компания тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын талдоосунун жана өз убагында көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы боюнча комбинат учурда технологияларды модернизациялоо жана кенди иштетүү боюнча алдыга коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткарып жатат. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча заводдун кирешеси 400 миллион сомдон ашыкты түзгөн.

2024-жылдын сентябрында «Кыргызалтын» ААК алтын куймаларын сатуучу фирмалык дүкөн ачкан. Кыска мөөнөттүн ичинде ишкана чендик куймаларын сатуудан олуттуу киреше ала баштады.

Компания 2024-жылы «100 өнөр жай ишканалары» улуттук программасынын алкагында Чүй облусунун Жайыл районунда өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруучу цехти ишке киргизген. Мындай цех мамлекет эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу салынууда. Ошондой эле, 2024-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Мироновское кенин иштетүүгө расмий түрдө киришкен.

“Кыргызалтын” ААКы 2025-жылы эки өнөр жай объектисин өндүрүшкө киргизүүнү пландоодо.

 Учурда индиялык өнөктөштөр менен биргеликте Нарын облусундагы Солтон Сары кенинде алтынды бөлүп чыгаруучу фабрика курулуп жатат. Ишкана ишке киргенден кийин 400дөн ашык жаңы жумушчу орун түзүлөт.

Ошондой эле, «Кыргызалтын» ААКы Балыкчы шаарындагы автотранспорт ишканасынын филиалынын базасында транспорттук-логистикалык борбор ачууну пландаштырууда.

Бул транспорттук-логистикалык борбор экспедициялык-транспорттук ишканалар үчүн жайларды, ошондой эле жүк ташуучу унаалар үчүн токтотуучу орундары менен камсыздайт. Мындан тышкары, автотранспортторду оңдоо, ошондой эле бажы, брокердик жана башка кызматтарды көрсөтүү пландаштырылууда.

Ошондой эле, өзүнүн бүткүл тарыхында «Кыргызалтын» ААК биринчи жолу долбоорлоодон баштап кендин запастарын түзүүгө чейин өз алдынча геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзө баштады. Учурда компания Баткен районундагы «Чакуш» кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө. Бул иштерди 2025-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар