Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 25.09.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
13 214.00
13 646.00
2 г.
25 193.00
26 057.00
5 г.
61 332.50
63 118.50
10 г.
121 432.00
125 004.50
20 г.
242 091.50
249 609.50
31.1035 г.
375 604.00
387 287.50
50 г.
602 876.00
621 484.50
100 г.
1 203 198.50
1 240 789.50
250 г.
3 022 051.50
3 116 215.50
500 г.
6 033 526.00
6 221 481.00
1000 г.
12 072 768.50
12 448 678.00
Валюта НБКР курсу 26.09.2026
25.09.2026
26.09.2026
USD
87,4497
87,4482
EUR
99,5221
99,6210
RUB
1,0311
1,0318
KZT
0,1979
0,1980
Баалуу металлдар 25.09.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
138,02
Күмүш
2,0721
Палладий
40,915
Платина
57,210

«Кыргызалтын» ААК Тажикстандын тоо-кен тармагындагы алдыңкы компаниялары менен өз ара кызматташуу боюнча бир катар Меморандумдарга кол койду

27/08/2025 ж.

Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Х. Холикзода мырзанын Кыргыз Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында Тажикстан Республикасынан ири бизнес-делегация келди.

Иш сапардын максаты – соода-экономикалык кызматташтыкты түзүү жана кеңейтүү, Кыргызстандын өнөр жай потенциалы менен таанышуу, ошондой эле кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюу болду.

Тажикстандын делегациясы бир катар алдыңкы кыргыз ишканаларында, анын ичинде Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводдо («Кыргызалтын» ААКнын туунду компаниясы «Кумтөр Голд Компани» ЖАК) жана «Кыргызалтын» ААКда болду.

Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын лидерлеринин ортосундагы макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында, «Кыргызалтын» ААК Тажикстан Республикасынын тоо-кен тармагындагы алдыңкы компаниялары менен өз ара кызматташуу боюнча меморандумдарга кол койду.

Кызматташтык «Талко Голд» ЖАК, «Тажик-кытай тоо-кен өнөр жай компаниясы» ЖЧК жана «Пакрут» ЖЧК менен бекемделди.

Мындан сырткары,  «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын туунду компаниясына таандык болгон унаа дөңгөлөктөрүн кайра иштетүү жана калыбына келтирүүчү завод менен меморандумга кол коюлду.

Документтер тоо-кен тармагын өнүктүрүү, заманбап технологияларды киргизүү, өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча биргелешкен иштерди карайт. Бул кол коюу ниети Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы экономикалык өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган стратегиялык багыттын уландысы болуп калды.

 «Кыргызалтын» ААК жетишилген макулдашуулар эки мамлекеттин ортосундагы ак ниет коңшулук мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзүп, узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн негиз болоруна ишенет. Белгилей кетсек, «Кыргызалтын» ААК ишенимдүү эл аралык өнөктөш болуп саналат жана Баалуу металлдардын Лондон ассоциациясынын «Good delivery» статусуна ээ. Компания бир нече жылдан бери мамлекеттик бюджетке ири салымын кошуп, рекорддук пайда алып келүүдө. Ошондой эле ата мекендик аффинаждалган алтынды жана алтын куймаларын өндүргөн жападан жалгыз өндүрүш болуп саналат. Ошону менен бирге, чендик алтын куймаларын өндүрүүчү завод Кыргыз Республикасына баалуу металлдардын дүйнөлүк рыногундагы өз позициясын бекемдөөгө, ошондой эле ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүүгө өбөлгө болот.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар