ОсОО «Эти Бакыр Терексай» adminka 31.01.2023

ОсОО «Эти Бакыр Терексай»

Терексай кени Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терексай айылында жайгашкан өлкөдөгү эң байыркы тоо-кен ишканаларынын бири.

Алтындын жалпы запасы 32 тоннаны түзөт.

Уюштуруучулар: «Эти Бакыр» ААК -75%; «Кыргызалтын» ААК – 25%.

Инвестор – белгилүү Cengiz Holding конгломератына кирген Eti Bakir A.S ири түрк компаниясы. Долбоорду 100% каржылоону «Эти Бакыр» ААК (Түркия) ишке ашырат.

Пландаштырылган инвестициянын жалпы баасы 300 миллион АКШ долларын түзөт.

Бүгүнкү күндө ишканада 460 адам иштейт (анын 90% Кыргызстандын жарандары) 

Салыктык жана милдеттүү чегерүүлөрдүн жалпы суммасы 3,2 миллиард сомдон ашыкты түздү. 2016-2022-жылдар аралыгында Терексай айыл аймагына 170 миллион сомго жакын акча каражаты бөлүнгөн. Анын ичинен -110 млн сому облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, 60 млн сому демөөрчүлүккө багытталган.

Кыргыз Республикасы

55 ул. Якова Логвиненко, Бишкек

Байланыш

0312 293 706

Картада жайгашкан жери