«Кыргызалтын» ачык акционердик коому (мындан ары – «Кыргызалтын» ААК) «Кыргызалтын» ААК «Автоунаалар ишканасы» филиалынын базасында заманбап соода-логистикалык борборду түзүү боюнча ачык сынак жарыялайт.
«Кыргызалтын» ААКнын "Автоунаалар ишканасы"
филиалынын базасында соода-логистикалык борборду түзүү боюнча сынак өткөрүүнүн шарттары
«Кыргызалтын» ачык акционердик коому (мындан ары – «Кыргызалтын» ААК) «Кыргызалтын» ААК «Автоунаалар ишканасы» филиалынын базасында заманбап соода-логистикалык борборду түзүү боюнча ачык сынак жарыялайт.
Сынак өткөрүүнүн максаты: «Кыргызалтын» ААК «Автоунаалар ишканасы» филиалынын базасында заманбап соода-логистикалык борборду түзүү үчүн жетиштүү иш тажырыйбасы, квалификациясы жана каржылык ресурстары бар инвесторду тартуу.
Сынактын катышуучулары: сынакка катышуу үчүн арыз берген ата мекендик жана чет өлкөлүк юридикалык жактар, жеке ишкерлер, жеке жактар, филиалдар, өкүлчүлүктөр.
- 1. Сынактын катышуучуларына коюлган талаптар:
Катышуучунун (жана/же анын уюштуруучуларынын/негизги компаниясынын) логистика тармагындагы тажрыйбасы, анын ичинде ташылуучу жүктөрдүн түрлөрүн көрсөтүү менен эл аралык ташуудагы тажрыйбасы, ошондой эле кызматкерлердин тажрыйбасын жана квалификациясынын деңгээлин тастыктаган маалыматтар (дипломдор, сертификаттар);
- Логистикалык борборду куруу үчүн жетиштүү финансылык каражаттардын жана техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн болушу.
- Заманбап соода-логистикалык борборду түзүү боюнча сынакка катышуу үчүн катышуучунун арызы:
1. Кыргыз Республикасында катталган (кайра катталган) юридикалык жактар үчүн - мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү, уставдын жана уюштуруу келишиминин көчүрмөлөрү.
- Чет өлкөлүк юридикалык жактар үчүн - уюштуруу документтеринин жана каттоо күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү жана/же мамлекеттик реестрден мыйзамдашылган (эгер керек болсо) көчүрмө же ал түзүлгөн өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жарактуу юридикалык жак экендигин күбөлөндүргөн башка документ.Чет өлкөлүк юридикалык жактар тарабынан чет тилде берилген уюштуруу документтери жана каттоо жөнүндө күбөлүк мамлекеттик же расмий тилге котормосу менен берилүүгө тийиш. Мамлекеттик реестрден берилген көчүрмөнүн же юридикалык жактын өз өлкөсүнүн мыйзамдарына ылайык жарактуу экендигин күбөлөндүргөн башка документтин колдонуу мөөнөтү бул документтер берилген күндөн тартып 6 (алты) айдан ашпоого тийиш.
- жеке жактар үчүн - паспорттун жана жеке ишкер катары катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү. Чет өлкөлүк жеке жактар паспорттун мамлекеттик же расмий тилге котормосу менен нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн (визанын мөөнөтүн көрсөтүү менен) кошумча беришет.
- Сынактын Катышуучусунун каржылык ишмердүүлүгү жөнүндө документтер, банктык эсептин көчүрмөлөрү ж.б.;
- Долбоорду өздүк каражаттардын эсебинен каржылоонун пландаштырылган схемасы жөнүндө маалымат берүү;
- Заманбап соода-логистикалык борборду куруунун эскиздик долбоорун, курулуштун мөөнөтүнүн алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесин берүү;
- Логистикалык процесстердин натыйжалуулугун жана туруктуулугун жогорулатууга багытталган жаңы технологиялык чечимдери бар заманбап соода-логистикалык инновациялык борборду куруу боюнча анын программасын берүү, анын ичинде:
- келечекте борбордун масштабын кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу;
- экологиялык ченемдерди жана стандарттарды сактоо.
Бардык документтер чапталган конвертте төмөнкү дарекке жиберүү керек Бишкек шаары, Т.Абдымомунов көч.,195, 2024-жылдын 05-июлунан кечиктирбестен, саат 10:00гө чейин.
Белгиленген мөөнөттөн кечиктирип берилген арыздар кабыл алынбайт.
Инвестиция салынуучу объект:
«Кыргызалтын» ААКнын «Автоунаалар ишканасы» филиалынын базасында түзүлгөн «Алтын Логистик» жоопкерчилиги чектелген коому (мындан ары «Алтын Логистик» ЖЧКсы).
Инвестиция салынуучуобъект жөнүндөкыскачамаалымат:
«Алтын Логистик» ЖЧКсыуставдыккапиталында 100% үлүшүнөээликкылган «Кыргызалтын» ААКнынтуундуишканасыболупсаналат.
«Алтын Логистик» ЖЧКсыжайгашкандареги: 722300, КыргызРеспубликасы, Ысык-Көлоблусу, Балыкчы ш., Строительнаякөч. №4.
Инфраструктуранынболушу:
Багыты |
Заманбап соода-логистикалык борбор куруу а |
Жайгашкан жери |
722300, КыргызРеспубликасы, Ысык-Көлоблусу, Балыкчы ш., Строительная көч. №4. |
Аянты |
3,5 га |
Темир жол түйүнү |
1530 метр |
Ар кандайжүктөрдүжүктөөжанатүшүрүүүчүнаянт |
бар |
Ачакей жүк көтөргүч жана капталынан жүктөгүч |
Сузгучтун сыйымдуулугу3 м3 |
Асфальттанган унаа коюучу жай |
бар |
Ширетүүчү участок менен оңдоо цехи жана дөңгөлөк желимдөө |
бар |
Автоунааларды жуугуч жай |
бар |
КММ сктаган май куюуучу бекет |
Сыйымдуулугу 100 м3 |
Товардык-материалдык баалуулуктарды сактоо үчүн бастырмалар жана кампа |
бар |
Административдик имарат |
бар |
Суу |
бар |
Свет |
бар |
Жол |
бар |
Аймагы |
Тосулган жана кайтарылып турат |
Ээси(менчик ээси) |
«Кыргызалтын» ААК |
Сатыпалуумүмкүнчүлүгү |
Улам узартуу мүмкүнчүлүгү менен 10 жылдык мөөнөткө мүлктү убактылуу акысыз пайдалануу укугу бар |
«Алтын Логистик» ЖЧКсынын соода-логистикалык борборун түзүү долбоорунун уникалдуулугу анын тогуз жолдун тоомунда (геостратегиялык) жайгашуусу болуп саналат:
Балыкчы шаары Кыргызстандын түндүк бөлүгүндө темир жол, суу жана автомобиль транспорту бар маанилүү транспорттук түйүн болуп саналат.
Автомобилдик унаалар:
Балыкчы шаарынан Бишкек шаарына, Каракол шаарына (көлдүн түндүк жана түштүк жээктерин бойлой), Нарын шаарына жана андан ары кыргыз-кытай чек арасынын «Торугарт» чек ара пунктуна чейин автомобиль жолдору өтөт.
Балыкчы шаары дагы стратегиялык маанидеги Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун боюнда бул каттамдардын так ортосунда жайгашкан. Бишкек-Нарын-Торугарт автожолу Кыргыз Республикасынын негизги транспорттук артерияларынын бири жана Борбордук Азия региондук экономикалык кызматташтыгынын транспорттук коридорунун бөлүгү болуп саналат. Бул жол Афганистан, Азербайжан, Грузия, Казакстан, Кытай Эл Республикасы, Монголия, Пакистан, Түркмөнстан жана Өзбекстан сыяктуу мамлекеттерди бириктирет.
Мындан сырткары, Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад автожолунун курулушу да аяктоо алдында турат.
Түндүк-Түштүк альтернативалык автожолунун (Балыкчы–Казарман–Жалал-Абад) курулушунун аякташы менен Балыкчы шаары республиканын түштүгү менен түндүгүнүн ортосундагы негизги чоң жүк ташуучу пункттардын бирине айланат.
Темир жол:
«Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын «Рыбачье» темир жол станциясы шаардын батыш тарабында жайгашкан.
Станциянын жол түйүнү 3 жолдон турат, анын ичинде: 1 негизги жол, 4 кабыл алып жөнөтүүчү жол, 3 жүктөп-түшүрүүчү жол.
Станция туюк станция болуп саналат жана поезддердин курамын түзүүнү жана таркатууну жүзөгө ашырат.
Темир жол станциясынын өзгөчөлүгү темир жол- суу транспорту боюнча операцияларын ишке ашырат.
Порттор - жакын деңиз жана дарыя порттору бар:
Балыкчы шаарында 2 порт бар. «Ысык-Көл кемеси» мамлекеттик ишканасы облустагы эң эски ишканалардын бири болуп саналат.
Аэропорт:
Шаардан 40 км алыстыкта Тамчы айылында Ысык-Көл эл аралык аэропорту жайгашкан. Ал жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган, 4D классына кирет (ИКАО классификациясы боюнча). Аэропорт 1653,8 м бийиктикте жайгашкан, учуу тилкесинин узундугу 3800 м, туурасы 45 м. Аэропорттун учуу тилкесинин кыртышы: темир-бетон. Аэропортто 7 учак коюлуучу жай бар. Аэропорт жайкы туристтик сезондо жергиликтүү жана эл аралык пландуу каттамдарды тейлейт:
−− Алматы (Казахстан),
−− Ош (Кыргызстан),
−− Новосибирск (Россия),
−− Ташкент (Узбекистан).
Балыкчы шаарынан негизги соода түйүндөрүнө чейинки аралык:
Багыты |
Аралык |
Автоунаа менен жетүү убактысы |
Балыкчы – «Ысык-Көл» аэропорту |
48 чакырым |
40 мин. |
Балыкчы – Бишкек |
175 чакырым |
2 саат |
Балыкчы–«Манас» Эл аралык аэропорт |
202 чакырым |
3 саат |
Балыкчы-Алматы (Казахстан) |
376 чакырым |
5 саат |
Балыкчы-Кашкар (Кытай) |
550 чакырым |
саат |
Балыкчы – Хоргос (Казахстан) |
710 чакырым |
9 саат |
Балыкчы-Ташкент (Өзбекстан) |
802 чакырым |
10 саат |