Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 20.11.2024
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
8 591.00
8 634.00
2 г.
15 989.00
16 053.00
5 г.
38 156.00
38 270.50
10 г.
74 663.50
74 813.00
20 г.
148 302.50
150 527.00
31.1035 г.
229 400.50
232 841.50
50 г.
367 745.50
378 778.00
100 г.
733 004.50
754 994.50
1000 г.
7 472 403.50
7 517 238.00
Валюта НБКР курсу 21.11.2024
20.11.2024
21.11.2024
USD
86,5000
86,5000
EUR
91,4392
91,3786
RUB
0,8655
0,8630
KZT
0,1740
0,1747
Баалуу металлдар 21.11.24 UTC
Долл./гр.
Алтын
85,360
Күмүш
1,0004
Палладий
32,746
Платина
30,772

«Кыргызалтын» ачык акционердик коому (мындан ары – «Кыргызалтын» ААК) «Кыргызалтын» ААК «Автоунаалар ишканасы» филиалынын базасында заманбап соода-логистикалык борборду түзүү боюнча ачык сынак жарыялайт

16/07/2024 ж.

«Кыргызалтын» ААКнын "Автоунаалар ишканасы"

филиалынын базасында соода-логистикалык борборду түзүү боюнча сынак өткөрүүнүн шарттары

 

«Кыргызалтын» ачык акционердик коому (мындан ары – «Кыргызалтын» ААК) «Кыргызалтын» ААК «Автоунаалар ишканасы» филиалынын базасында заманбап соода-логистикалык борборду түзүү боюнча ачык сынак жарыялайт.

Сынак өткөрүүнүн максаты: «Кыргызалтын» ААК «Автоунаалар ишканасы» филиалынын базасында заманбап соода-логистикалык борборду түзүү үчүн жетиштүү иш тажырыйбасы, квалификациясы жана каржылык ресурстары бар инвесторду тартуу.

Сынактын катышуучулары: сынакка катышуу үчүн арыз берген ата мекендик жана чет өлкөлүк юридикалык жактар, жеке ишкерлер, жеке жактар, филиалдар, өкүлчүлүктөр.

  1. 1.     Сынактын катышуучуларына коюлган талаптар:

 Катышуучунун (жана/же анын уюштуруучуларынын/негизги компаниясынын) логистика тармагындагы тажрыйбасы, анын ичинде ташылуучу жүктөрдүн түрлөрүн көрсөтүү менен эл аралык ташуудагы тажрыйбасы, ошондой эле кызматкерлердин тажрыйбасын жана квалификациясынын деңгээлин тастыктаган маалыматтар (дипломдор, сертификаттар);

  1.  Логистикалык борборду куруу үчүн жетиштүү финансылык каражаттардын жана техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн болушу.
  2. Заманбап соода-логистикалык борборду түзүү боюнча сынакка катышуу үчүн катышуучунун арызы:

1. Кыргыз Республикасында катталган (кайра катталган) юридикалык жактар ​​үчүн - мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү, уставдын жана уюштуруу келишиминин көчүрмөлөрү.

  1. Чет өлкөлүк юридикалык жактар ​​үчүн - уюштуруу документтеринин жана каттоо күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү жана/же мамлекеттик реестрден мыйзамдашылган (эгер керек болсо) көчүрмө же ал түзүлгөн өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жарактуу юридикалык жак экендигин күбөлөндүргөн башка документ.Чет өлкөлүк юридикалык жактар ​​тарабынан чет тилде берилген уюштуруу документтери жана каттоо жөнүндө күбөлүк мамлекеттик же расмий тилге  котормосу менен берилүүгө тийиш. Мамлекеттик реестрден берилген көчүрмөнүн же юридикалык жактын өз өлкөсүнүн мыйзамдарына ылайык жарактуу экендигин күбөлөндүргөн башка документтин колдонуу мөөнөтү бул документтер берилген күндөн тартып 6 (алты) айдан ашпоого тийиш.
  2. жеке жактар ​​үчүн - паспорттун жана жеке ишкер катары катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү. Чет өлкөлүк жеке жактар ​​паспорттун мамлекеттик же расмий тилге котормосу менен нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн (визанын мөөнөтүн көрсөтүү менен) кошумча беришет.
  3. Сынактын Катышуучусунун каржылык ишмердүүлүгү жөнүндө документтер, банктык эсептин көчүрмөлөрү ж.б.;
  4. Долбоорду өздүк каражаттардын эсебинен каржылоонун пландаштырылган схемасы жөнүндө маалымат берүү;
  5. Заманбап соода-логистикалык борборду куруунун эскиздик долбоорун, курулуштун мөөнөтүнүн алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесин берүү;
  6. Логистикалык процесстердин натыйжалуулугун жана туруктуулугун жогорулатууга багытталган жаңы технологиялык чечимдери бар заманбап соода-логистикалык инновациялык борборду куруу боюнча анын программасын берүү, анын ичинде:

 - келечекте борбордун масштабын кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу;

- экологиялык ченемдерди жана стандарттарды сактоо.

         Бардык документтер чапталган конвертте төмөнкү дарекке жиберүү керек Бишкек шаары, Т.Абдымомунов көч.,195, 2024-жылдын 15-августунан кечиктирбестен, саат 10:00гө чейин.

Белгиленген мөөнөттөн кечиктирип берилген арыздар кабыл алынбайт.

Инвестиция салынуучу объект:

«Кыргызалтын» ААКнын «Автоунаалар ишканасы» филиалынын базасында түзүлгөн «Алтын Логистик» жоопкерчилиги чектелген коому (мындан ары «Алтын Логистик» ЖЧКсы).

Инвестиция салынуучуобъект жөнүндөкыскачамаалымат:

«Алтын Логистик» ЖЧКсыуставдыккапиталында 100% үлүшүнөээликкылган «Кыргызалтын» ААКнынтуундуишканасыболупсаналат.

«Алтын Логистик» ЖЧКсыжайгашкандареги: 722300, КыргызРеспубликасы, Ысык-Көлоблусу, Балыкчы ш., Строительнаякөч. №4.

 

Инфраструктуранынболушу:

 

Багыты

Заманбап соода-логистикалык борбор куруу а

Жайгашкан жери

722300, КыргызРеспубликасы, Ысык-Көлоблусу, Балыкчы ш.,  Строительная көч. №4.

Аянты

3,5 га

Темир жол түйүнү

1530 метр

Ар кандайжүктөрдүжүктөөжанатүшүрүүүчүнаянт

бар

Ачакей жүк көтөргүч жана капталынан жүктөгүч

Сузгучтун сыйымдуулугу3 м3

Асфальттанган  унаа коюучу жай

бар

Ширетүүчү участок менен оңдоо цехи жана дөңгөлөк желимдөө

бар

Автоунааларды жуугуч жай

бар

КММ сктаган май куюуучу бекет

Сыйымдуулугу 100 м3

Товардык-материалдык баалуулуктарды сактоо үчүн бастырмалар жана кампа

бар

Административдик имарат

бар

Суу

бар

Свет

бар

Жол

бар

Аймагы

Тосулган жана кайтарылып турат

Ээси(менчик ээси)

«Кыргызалтын» ААК

Сатыпалуумүмкүнчүлүгү

Улам узартуу мүмкүнчүлүгү менен 10 жылдык мөөнөткө мүлктү убактылуу акысыз пайдалануу укугу бар

        

«Алтын Логистик» ЖЧКсынын соода-логистикалык борборун түзүү долбоорунун уникалдуулугу анын тогуз жолдун тоомунда (геостратегиялык) жайгашуусу болуп саналат:

Балыкчы шаары Кыргызстандын түндүк бөлүгүндө темир жол, суу жана автомобиль транспорту бар маанилүү транспорттук түйүн болуп саналат.

Автомобилдик унаалар:

Балыкчы шаарынан Бишкек шаарына, Каракол шаарына (көлдүн түндүк жана түштүк жээктерин бойлой), Нарын шаарына жана андан ары кыргыз-кытай чек арасынын «Торугарт» чек ара пунктуна чейин автомобиль жолдору өтөт.

Балыкчы шаары дагы стратегиялык маанидеги Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун боюнда бул каттамдардын так ортосунда жайгашкан. Бишкек-Нарын-Торугарт автожолу Кыргыз Республикасынын негизги транспорттук артерияларынын бири жана Борбордук Азия региондук экономикалык кызматташтыгынын транспорттук коридорунун бөлүгү болуп саналат. Бул жол Афганистан, Азербайжан, Грузия, Казакстан, Кытай Эл Республикасы, Монголия, Пакистан, Түркмөнстан жана Өзбекстан сыяктуу мамлекеттерди бириктирет.

  Мындан сырткары, Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад автожолунун курулушу да аяктоо алдында турат.

Түндүк-Түштүк альтернативалык автожолунун (Балыкчы–Казарман–Жалал-Абад) курулушунун аякташы менен Балыкчы шаары республиканын түштүгү менен түндүгүнүн ортосундагы негизги чоң жүк ташуучу пункттардын бирине айланат.

Темир жол:

  «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын «Рыбачье» темир жол станциясы шаардын батыш тарабында жайгашкан.

Станциянын жол түйүнү 3 жолдон турат, анын ичинде: 1 негизги жол, 4 кабыл алып жөнөтүүчү жол, 3 жүктөп-түшүрүүчү жол.

Станция туюк станция болуп саналат жана поезддердин курамын түзүүнү жана таркатууну жүзөгө ашырат.

Темир жол станциясынын өзгөчөлүгү темир жол- суу транспорту  боюнча операцияларын ишке ашырат.

Порттор - жакын деңиз жана дарыя порттору бар:

Балыкчы шаарында 2 порт бар. «Ысык-Көл кемеси» мамлекеттик ишканасы облустагы эң эски ишканалардын бири болуп саналат.

Аэропорт:

Шаардан 40 км алыстыкта ​​Тамчы айылында Ысык-Көл эл аралык аэропорту жайгашкан. Ал жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган, 4D классына кирет (ИКАО классификациясы боюнча). Аэропорт 1653,8 м бийиктикте жайгашкан, учуу тилкесинин узундугу 3800 м, туурасы 45 м. Аэропорттун учуу тилкесинин кыртышы: темир-бетон. Аэропортто 7 учак коюлуучу жай бар. Аэропорт жайкы туристтик сезондо жергиликтүү жана эл аралык пландуу каттамдарды тейлейт:

−− Алматы (Казахстан),

−− Ош (Кыргызстан),

−− Новосибирск (Россия),

−− Ташкент (Узбекистан).

Балыкчы шаарынан негизги соода түйүндөрүнө чейинки аралык:

 

Багыты

Аралык

Автоунаа менен жетүү убактысы

Балыкчы – «Ысык-Көл» аэропорту

48 чакырым

40 мин.

Балыкчы – Бишкек

175 чакырым

2 саат

Балыкчы–«Манас»  Эл аралык аэропорт

202 чакырым

3 саат

Балыкчы-Алматы (Казахстан)

376 чакырым

5 саат

Балыкчы-Кашкар (Кытай)

550 чакырым

саат

Балыкчы – Хоргос (Казахстан)

710 чакырым

9 саат

Балыкчы-Ташкент (Өзбекстан)

802 чакырым

10 саат

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар