Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 02.04.2025
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
9 953.50
10 092.50
2 г.
18 708.50
18 951.50
5 г.
45 024.00
45 564.00
10 г.
88 737.00
89 713.50
20 г.
176 720.00
179 370.50
31.1035 г.
274 085.50
278 196.50
50 г.
439 590.50
452 778.00
100 г.
876 633.50
902 932.50
1000 г.
8 908 533.50
9 042 161.50
Валюта НБКР курсу 01.04.2025
31.03.2025
01.04.2025
USD
86,4000
86,5051
EUR
93,1262
93,6591
RUB
1,0272
1,0162
KZT
0,1717
0,1715
Баалуу металлдар 01.04.25 UTC
Долл./гр.
Алтын
100,69
Күмүш
1,0934
Палладий
31,972
Платина
32,233

«Кызыл-Омпол» кени

«Кыргызалтын» ААК Кызыл-Омпол участкасында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү жана Таш-Булак кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна №7542 АЕ жана №7543 АР лицензияларына ээ.

Лицензиялык аянт 42379 гектарды түзөт.

Кен административдик жактан Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жана Нарын облусунун Кочкор районунда жайгашкан.

Эң жакын жайгашкан калктуу конуш – бул Ысык-Көлдүн батыш жээгиндеги Балыкчы шаары жана порту (40 чакырым) менен Кочкор шаары 25 чакырым аралыкта жайгашкан.

Абсолюттук бийиктиктери орточо 2000 м, абсолюттук бийиктиги 3200 мден ашпайт.

Таш-Булак чачынды кенинин чыгыш тарабында Бишкек-Кочкор асфальт жолу жана андан ары Нарын шаарына Кубакы ашуусу аркылуу эки жогорку чыңалуудагы-110 жана Датка-Кемин-500 электр чубалгылары тартылган.

Таш-Булак  чачынды кенинин тобуна Ташбулак, Баке, Узунсай, Оттук, Түндүк аймактары кирет. Чачынды кенин казылуучу жайлардын бири (Таш-Булак) иштетүүгө даярдалган, калгандары кошумча чалгындоо иштерин талап кылат.

Пайдалуу компоненттери болуп минералдар: уран, торий, циркон, титаномагнетит жана фосфор саналат.

Кенди кайра иштетүүдө уран, торий жана цирконийден тышкары титаномагнетит концентратын алуу пландаштырылууда. Кендеги титаномагнетиттин (С1+ С2+ Р1+ Р) запасы 14 млн. тонна.

Таш-Булак кениндеги титаномагнетиттин орточо курамы 17,0 кг/м3 (7,8 кг/т).

Титаномагнетиттин курамында 55% темир, 17% титан бар жана уран жок. Титаномагнетит концентратында темирдин жалпы көлөмү 60%, титандын диоксиди – 13,6%.

Башка долбоорлор

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар