«Алтын Логистик» ЖЧК соода-логистикалык борбору
«Алтын Логистик» ЖЧКсы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жайгашкан.
Аймакта бир нече унаа оңдоочу жайлар, май куюучу жай, унаа жуучу жай, кампалар, жүк түшүрүп-жүктөөчү аянты бар темир жол, ачык унаа токтотуучу жай жана административдик имараты бар.
3,5 гектар аянтка дагы кошумча зарыл инфраструктуралык объектилерди курууга мүмкүнчүлүк бар.
Геостратегиялык жайгашуусу «Алтын Логистик» ЖЧКсынын заманбап соода-логистикалык борборун түзүү долбоору уникалдуу, анткени Балыкчы шаары Кыргызстандын түндүк бөлүгүндө темир жол, суу жана автомобиль транспорту бар маанилүү транспорттук ири түйүн болуп саналат.
Башка долбоорлор
Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195