«Үңкүрташ» кени
«Кыргызалтын» ААКда «Үңкүрташ» кенин иштетүүгө 2024-жылдын 26-июнунда №7519 АЕ лицензиясы бар, 2024-жылдын 26-июнундагы №7520 АР лицензиясы Жалал-Абад областынын Ала-Бука районундагы Үңкүрташ-Карадөбө участогуна геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө берилген.
Лицензиялык аянт 3921 гектарды түзөт.
Кен Касан-Сай дарыясыны сол тарабындагы өрөөндө жайгашкан жана бир нече бөлүктөн турат: Үңкүрташ, Сарыдөбө жана Карадөбө.
Аймак жакшы өнүккөн жана жетүүгө оңой. Кенге жакын жайгашкан калктуу конуштар 15 км аралыкта жайгашкан, эң жакын темир жол станциялары болгон Таш-Көмүр жана Шамалдуу-Сай 150 жана 170 км.
Жалпысынан кендин С1+С2 категориясы боюнча тастыкталган запастары 90,1 тонна алтын жана 88,5 тонна күмүш, Р1 категориясы боюнча болжолдонгон ресурстары 5,8 тонна алтын.